Кадрдык ротацияларды ар ким өзүнүн деңгээлине жараша кабылдады. Араң тургандар мындай ротацияны мурдагылар жасаган эмес, бул бийликтин туура кадамы дегендей ойлорун чаргытты.
Ал эми тескери пикирдегилер Көлдүн биринчи адамы болгон А. Осмоналиевден жакшы жетекчи чыкпайт деп эрте “прогноз” берүүгө үлгүрүштү. Чамасы анын таржымалына карап жыйынтык чыгарып жиберишти окшойт. Анткени мурда тажрыйба топтоого салым кошорлук кызматта сыналбаптыр да. Ошол үчүн бираз ишенбөө пайда болсо керек. Оштун губернаторлугуна келген Узарбек Жылкыбаев болсо анча-мынча кагылып, согулуп анан жаңы кызматты чеңгелдеди. Демек, ишти жөндөп кетсе болот. Болгону бошоңдобой чыйралышын мезгил күтүп жатат. Анын үстүнө түштүктүн эли анчалык чоңуна катуу кетпеген мүнөзү бар. Беш бүктөлүп берчүлөрдөн этият болсо эле айдаган арабасы алдыны көздөй кете берет. Негизи түштүктөн ишке бышкандар дайыма үлкөн бийлик бутактарына конушканын унута элекпиз. Буга Узарбек мырзанын секириги айкын мисал болорун да айта кетели.
Ош шаарынын мэрлигине депутаттар тарабынан шайланган Таалай Сарыбашовдун алгачкы жүрүштөрү кыйла бүйүр кызытты. Куйругунда калбыры жоктугуна ыктадыбы, айтор кыйла күпүлдөп алды, бирөөлөрдү торпок кезинде сүзгүлөп. Диплому шектүү болсо деле эч нерсе болбойт. Негизгиси- ишенимди актап, камчы салдырбай кызматын жасап кетсе чоң утукка жетишет. Дагы кандай шахматтык жүрүштөр жасаларына коомчулук көз салып турмакчы. Ызы-чуу менен коштолуп Бишкек шаарына мэр болгон Азиз Суракматов да кызматына киришти. Арийне, анын алдында жооптуу маселелерди чечүү турганы да алаканга салгандай байкалган кези. Кол алдында иштегендерди иретке салуу деле оңой-олтоң кыймылга келбеси белгилүү. Ошондуктан өз адамдарынан команда топтоого көңүл бураары деле маалым эмеспи. Анан калса ажолор, өкмөт башчылар деле жакын санаалаштарын жанына чогултаары калп эместир? Ошентип жаңы дайындалган жетекчилер чыйырын салууга бет алышты. Кимисинин дымагы катуу болорун, кайсынысы арабөк каларын мезгили келгенде байкайбыз. Ага чейин күйүп-бышпай кое туралы.
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ