Menu

Экинчи турда Бабанов менен Жээнбековдун салгылашы уланчудай

Бөлүшүү:

Келаткан 15-октябрда чыныгы демократиялуу, элдин эркине койгон шайлоо өтсө, анда 2-турга Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбеков чыгышы мүмкүн. Учурда шайлоочулардын 50 пайызынан ашык ишенимине ээ болуп, кимдир бирөөнүн алдыга озуп кетиши күмөндүүлүк жаратууда. Себеби, 3 миллионго чукул шайлоочубуз болсо, 800 миңдей жараныбыздын биометрикадан каттоосу жок экени ырасталды, анүстүнө шайлоого кайдыгер караган да калың катмар бар, келбей коюшат. Анан калса бардык талапкерлерге каршы салгандарды да эске алалы. Ошентип, 1-турдан жеңишке жетишүү бу саам кыйын болуп турат. Ооба, бүгүнкү анализ боюнча көпчүлүк элдин көңүлү Бабанов менен Жээнбековго түштү, бирок жетишсиз болууда. Демек, кем-карчтар менен экөөнүн 2-турда дагы «салгьшашы» күтүлөт. Дал ошол маалда саясый күчтөрдүн биригүүлөрү жанданат. Эгерде административдик же финансылык ресурстар болсо, анда эл көтөрүлүп, чатак чыгышы ыктымал. Мындай шартта таза гана күрөшкө негиз түзүлүшү шарт. Элдин көзү ачылды.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: