Menu

Атамбаевдин “омбу-домбу” сөздөрүнө ар тараптан каяшалар…

Бөлүшүү:

Атамбаев өткөн жумада маалымат жыйынын өткөрдү. Анда суроо бере коем деп эки журналист жемеден өткөн жекирүүгө калса, “Русгидро” жана маркум Ислам Каримовго каршы “ичинде  топтолуп жүргөн бугун” чыгаруусу эл аралык жаңжал жаратты.

Журналисттерден баштасак, “Супер.кж” порталынын журналистти Автандил Добулбеков Атамбаевге “элге көбүрөөк сын-пикир айтып, башка өлкөлөр, сырттагы лидерлер тууралуу ыраазычылык айтып жүрөсүз…” деп суроосун айтып бүтө элек жатып, катуу жемеге алынды.

Автандил Добулбеков жемеленип эле калбай, жумушунан да бошотулганы кабарланды. “Супер.кж” сайтынын кожоюну Кылычбек Султанов. Ал “Ата Мекенге” ыктап жүрүп, өткөн жылдан бери  бийликке лоялдуу боло баштаган. Атамбаевге жакпай калган журналистке ошого жараша чечим  кабыл алынды шекилди.

Өмүрбек Бабановдун НТС телеканалынын журналистти шайлоодо “административдик ресурсту колдонуу мүмкүнчүлүгү” тууралуу суроо бере коем деп, “кутулбас куйкага” калды. Ал дагы абдан жемеленип, ал эмес кожоюну Бабанов дарегине да “балп” этмелерди ашырды…

Атамбаев анын бийлиги учурунда “административдик ресурс” жөнүндө суроо да болбош керек дегенге жетти…

Президент маалымат жыйынында эки журналистти эле жемелеп калбай, “дипломатиялык эмес” сөздөрү менен эл аралык деңгээлде жаңжал жаратты. Кыргызстан президенти 2012-жылдан  баштап “Русгидронун” башчысы Евгений Дод менен колтукташып жүрүп, Жогорку Нарында  ГЭСтерди курууну ага өзү тапшырганы белгилүү. Анын аягы Кыргызстан мойнуна илинген 37 млн.  доллар карыз жана жоготулган жылдар менен бүттү.

Азыркы кезде Дод Орусияда “көз боемочулук, алдамчылык” боюнча айыпталып абакта жатса, Атамбаев Жогорку Нарын ГЭСтерин курууда дагы бир “шектүү” компания менен “аке-жаке” болуп отурат…

Бирок да, маалымат жыйынында чех компаниясы 37 млн. долларды тез арада “Русгдрого” төлөй койсо, “Русгидронун” “абалаганы” токтойт эле деп, орус компаниясынын өз талабын талашуусун иттин үргөнү менен салыштырды. Буга албетте “Русгидродон” жооп болду. Компания президент  Атамбаевдин сөзүн “жол бергис” деп атап, кыргыз жетекчилигин бул маселеде “маалыматтык чайкоочулукту” токтотууга чакырды. “Русгидронун” билдирүүсүндө, компания “Жогорку Нарын каскадында ГЭСтерди курбайбыз деп эч качан билдирбегенин, Кыргызстан келишимден бир жактуу чыкканын, ошондуктан кетирилген чыгымдарды төлөш керектигин” белгилеген. Карыз кайтарылбаса эл аралык арбитражга кайрыларын “Русгидро” белгилеген. “Русгидронун” “абалоосу” ошентип уланып жатат…

Алмазбек Атамбаевдин экинчи бир орунсуз, одоно сөздөрү кошуна мамлекеттерге катуу тийди. Маселен, Атамбаев “Өзбекстанда азыр нормальный президент” деп, Ташкендин мурунку бийлигин “Каримовдун режими” деп атады. Президенттерин “айдап, ашатып” көнгөн Кыргызстан үчүн Атамбаев сөзүндө эч кандай эрөөн-төрөөн жок. Ашыкча эч нерсе байкалбашы мүмкүн. Ал эми өз элине Ислам Каримовду “атам” деп жарыялап, анын саясатын улантуу убадасы менен бийликке келген Мирзиеев кандай кабыл алат? Мирзиеев эгерде Атамбаевдин “мактоосун” унчукпай кабыл  алса, анда өз элине “эки жүздүү” көрүнүп калбайбы?.

Ошондуктан расмий Ташкен өзүнүн саясат талдоочулары аркылуу Атамбаевдин сөздөрүнө кескин терс жообун берди. Ташкендик көз карандысыз эксперт Бахтиер Эргашевдин кыргыз  президентинин Өзбекстан боюнча сөздөрүн териштирип, баасын берген жообу “Заноза” сайтына жарыяланды. Эргашев адегенде эле Атамбаевдин “Өзбекстанда эми нормалдуу президент” деген  сөзүнө токтолуп, “нормальный” деген сөздүн өзү адамдын саясий маданиятынын деңгээлин өтө так көрсөтөт деген.

Кыргыз-өзбек мамилесинин өзгөчө акыркы жылдарда бузулушуна Өзбекстан, Ислам Каримов күнөөлүү эмес, деген Эргашев 1990-жылы 2010-жылы түштүктөгү коогалаңдарды токтотууда Ислам Каримовдун ролун эске салат. Ислам Каримовдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап калуудагы мына ушундай оң ролун баалоо ордуна Кыргызстан президенти кошуна мамлекеттин башчысына карата өзүнүн субьективдүү баасын берүүгө жол берет, деп нааразыланат Эргашев.

2010-жылдагы коогалаңды басууда Ислам Каримовдун ролун убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева өтө жогору баалаганы белгилүү. Эргашев Өзбекстанга 320 сооттолгон автоунаа берилиши боюнча Атамбаевдин сөзүн чагым же билбестик деп баалаган. Ал Өзбекстанга АКШ сооттолгон автоунааларды Каримов “суунун айынан Борбор Азияда согуш чыгышы мүмкүн” деген сөзүнө чейин Ооганстандан аскерлерин түндүк багыты аркылуу чыгаруу боюнча келишим алкагында берилгенин эске салат.

Ташкендин Атамбаевдин маалымат жыйынында айткандарына расмий эмес жообу ушундай болду. Атамбаевдин “Орусия биздин жерге кызыкпайт, ошондуктан түштүк регионго аскердик база ачса болот” деген сөзү Тажикстан жана Өзбекстанды дароо “душман” категориясына киргизет. Бул  сөз кошуна мамлекеттер менен мамиле түзүүгө кантип оң таасирин тийгизсин?

Алмазбек Атамбаев Алтай цивилиязациясы боюнча конференцияны “балп” этмесиз өткөрүүгө,  андан кийин маалымат жыйынын да “дерьмосуз” өткөрүүгө абдан эле даярданганын билдирди.

Бирок абдан “даярдангандагысы” да эл аралык жаңжалдарды жаратып, Кыргызстанды ыңгайсыз абалда калтырууда.

Мына ушул жерде Александар Князов деген орус экспертинин “Атамбаев саясатчы эмес. Ал саясатчы болгон эмес жана да эми болбойт дагы, анда жөнөкөй саясий маданият деген эле эмес, капысынан барып калган сфера боюнча азганакай билими да жок”деген баасы менен макул болбоого арга калбайт.

Булак: “Майдан. kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: