“Жакында “Конституциянын атасымын” деп жүргөн Текебаев айтат: “Шыкмаматов менен Сыдыгалиев 2 жылдан депутат болууга сүйлөшүшкөн болчу, ошондуктан Шыкмаматов кетип, депутаттыкты Сыдыгалиевге бериш керек” деп айтпадыбы”, – деп билдирди 16-январда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрүп.
“Ай, айланайын карапайым эл, ойлонуп көргүлөчү, Жогорку Кеңеш 120 депутаттан турат деп турат ал жазган Конституцияда, эгерде Текебаевдин логикасы менен эсептесек, ошол парламентке өткөн 5 партиянын лидери 120 депутатын жарым жылдан же 1 жылдан акчасын алып алып, депутат кыла берет экен да. Бул деген “проходной двор” да, демек парламенттин мөөнөтү бүткүнчө тизмедеги 600 адамды депутат кылып коюу мүмкүнчүлүгү бар. Анткени партиянын лидери айтат да: “сен 6 ай депутат болосун, сен 1 жыл депутат болосун, сен 2 жыл, анан кетесин , анан бул келет” деп. Ушул мамлекеттик органбы? Ушул мамлекеттик саясатбы? Текебаев Шыкмаматов тууралу айтып жатпайбы, ал эми Шыкмаматов деген ал “Ата-Мекен” фракциясынын лидери болчу. Ошол кишиге ошондой мамиле болуп жаткандан кийин, калгандарына кандай мамиле болот? – деди Азимбек Бекназаров.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ