Ош шаарында дагы деле муктаж үй-бүлөлөр гуманитардык жардам сурап кайрылууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, бул максатта кыргыз өкмөтү Ош шаарына 18 миллиондон ашык, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 4 миллион сом бөлгөн.
“Шаардык бюджеттен дагы каражат каралган. Бүгүнкү күндө анын бардыгы аягына чейин таратылып бүтө элек. Жардам сурап кайрылгандарга жардам берүүдөбүз”, — деди Турдуев.
Белгилей кетсек, 26-майга карата Ош облусу боюнча коронавируска кабылгандардын саны 346 адамга жетти. Алардын 135 Ош шаарында. Ал эми Кыргызстанда бул илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны бүгүнкү күндө 1468. Бул оорудан айыккандардын саны 1015 болсо, каза болгондор 16 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ