Menu

Феликс Кулов: “Кыргызстандан 700 миллион доллардын чыгарылып кетишине чекит коюу кепилдигинен кийин эл чуулгандуу камакка алууларды, уурдалган суммалардын кайтарылышын күтөт”

Бөлүшүү:
“Президенттин милдетин аткаруучунун кайрылуусун окудум. Объективдүү айтканда ал үмүттөндүрөт. Мындан тышкары, айтылгандардын айрымдары конкреттүү” – деген пикирин экс-премьер-министр Феликс Кулов Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
“Мисалы, жакынкы аралыкта Кыргызстандан 700 миллион доллардын чыгарылып кетишине чекит коюу. Ушундай кепилдиктерден кийин, эл тиешелүү органдар иликтеп, эч кандай мыйзам бузууну таппаган чечимди эмес, чуулгандуу камакка алууларды, кылмыш ишинин ачылышын жана уурдалган суммалардын кайтарылып берилишин күтүүгө укуктуу.
Мен буга чейин атайын Реформа борборун түзүү боюнча сунуштарымды жазып, билдиргем. Ушундай орган түзүлө тургандыгын окуп, чынымды айтканда, мен аны кубануу менен кабыл алдым. Эң башкысы компетенттүү, өжөр, дымактуу, сөздүн жакшы маанисинде стандарттуу эмес ой жүгүртүүсү бар адистер келиши керек.
Алдыга коюлган көптөгөн тапшырмалар боюнча менин жана менин соратнктеримде конкреттүү сунушта бар. Бирок бул жөнүндө кийинчерээк сөз кылабыз” – деп жазган Феликс Кулов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: