Menu

КАРА ТҮТҮН балдарга зыянын тийгизбеши үчүн эмне кылуу керек?

Бөлүшүү:

Бишкек – 2020-жылдын 21-январында “Move Green” коомдук бирикмеси жана “Инициатива Арча” коомдук фонду USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда “Абасы таза мектеп” долбоору боюнча финалдык конференция өткөрөт.

Азырынча Бишкекти кара түтүн капташынын себептери жөнүндө маселе каралууда, эко-активисттер “Абасы таза мектеп” долбоорунун алкагында абанын булганышынан адам өзүн кантип коргонушу керектиги тууралуу мектеп окуучулары менен иштерди жүргүзүп жатышат.

2019-жылдын сентябрынан баштап Бишкек шаарындагы – борбордун өзгөчө булганган райондорундагы жаңы конуштарда жайгашкан беш мектепте абаны кара түтүн каптаган учурда өзүнүн саламаттыгын кантип сактап жана шаардын абасына зыяндуу заттардын чыгышын кантип азайтуу керектиги жөнүндө мектеп окуучулары, алардын ата-энелери, мугалимдер менен иштер өткөрүлдү. Долбоор мектептерде абаны жакшыртууга, бак-дарактарды отургузуунун маанилүүлүгү жана булганган абада жеке коргонуу ыкмалары жөнүндө сабаттуу түшүнүктүү калыптандырууга багытталган.

Конференцияда эко-активисттер жасалган иштер тууралуу айтып беришет, ошондой эле кара түтүн каптаган мезгилде балдардын тамактануусу жана гигиенасы, кандай беткап алып жана аны кантип туура тагынып жүрүү керектиги, бөлмөлөрдө кандай өсүмдүктөр абаны тазартаары, кандай бак-дарактар шаардын абасын жакшыртып жана кыш мезгилинде коргоп тураары, абаны жакшыртуу жана чыгындыларды азайтуу үчүн Бишкектин рыногунда кандай технологиялар бар экендиги тууралуу практикалык кеңештерди беришет.

Иш-чарада окуучулар жана мугалимдер сөз сүйлөшүп, алар өздөрүнүн мектептеринде ишке ашырган жаңы тажрыйбалары жана алган билимдери менен бөлүшөт. Балдар жана волонтерлор күз мезгили ичинде жалбырактарды (өрттөбөстөн) компостирлөө эко-тажрыйбасы менен атайын беткаптарды тагынып алышып мектептерде эко ишенбиликтерди уюштуруп өткөрүштү. Окуучулар ата-энелери менен бирге мектептин айланасына бак-дарактарды жана бадалдарды отургузушту, ар бир мектепте абаны көзөмөлдөп билдиргичтер орнотулду (кыйла кененирээк www.movegreen.kg/map сайтында), ал эми кабинеттерде үй-жайдын ичиндеги абаны жакшырта турган өсүмдүк бурчтары уюштурулду.

Долбоор USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын (ББП) колдоосунда “Move Green” КБсы жана “Инициатива Арча” КФсы тарабынан ишке ашырылды. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: