Menu

УКМК кармаган «БеспределKG» баракчанын администратору А.Жоробековдун карындашы Текебаевге видеокайрылуу жасады

Бөлүшүү:

Facebookтагы «БеспределKG» баракчасынын администратору Автандил Жоробеков 24-ноябрда УКМК кызматкерлери тарабынан “регион аралык кастык жаратты” деген айып менен кармалган. Эми анын карындашы Чынара Темирова видеокайрылуу жасаганга аргасыз болуп олтурат.

Темирова агасы Жоробековго айып тагылып, камакка алуу негизсиз экенин белгилеп, президент Сооронбай Жээнбековдон бул маселеге көңүл бурууну өтүнгөн. Видеокайрылууда негизинен саясатчы Өмүрбек Текебаевге кайрылган.

“Урматтуу Өмүрбек Чиркешович, бир кезде менин агам сиздин сот отурумдарыңызга барып, дайыма колдоп жүрчү. Мен жеке сизди колдоп эки китеп берип жибергем. Эми сиздин колдооңуз керек болуп утрат.

УКМК агама оор берене боюнча – интернет түйүнү аркылуу регион аралык кастыкты тутантты деген айып койду. Далил катары Беспредел KG баракчасындагы «Хабибулла и Соке вывезли Раима» пост келтирилет. Ошондой эле Автандилди 25-ноябрда болчу тынчтык митингине чакырык таштаганы үчүн да айыпташууда.

Агамдын эмгеги зор. Мисалы, Бишкектин 8 кичирайонундагы көп кабаттуу үйдүн балдар аянтчасына курулуш кылдырбай койгон. Ош облусундагы мектептердеги коррупцияны чагылдырып турган. Автандил эч качан бийликтен корккон эмес, чындыкты гана айтчу. Ал Facebookтагы баракча аркылуу өлкөдөгү көйгөйлөрдү чагылдырып, бийликтин көңүлүн бөлдүргөнгө аракет жасачу.

Автандилди базалык укугунан ажыратып жатышат – ал сөз эркиндигине, өз оюн айтууга укуктуу. Мен жарандык коомду, бейөкмөт уюмдарды, ким 25-ноябрда аянтта болсо, бардыгыңарды агамды бошотуп алууга жардам беришиңерди суранам, ал кийин да чындыкты айтып, коомдогу көйгөйлөрдү чагылдыра берет”, – дейт Чынара Темирова. Чынара туугандары да УКМКнын аракетин адамдын укугуна, сөз эркиндигине кол салуу катары эсептешерин да белгилеген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: