Menu

Видео – ИИМ : Улан Саляновду өлтүрүүгө катышкан үчүнчү шектүү Асанэмир Абыкулов кармалды

Бөлүшүү:

Эрмек Осмонкулов.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш ишине шектелгендердин бардыгын кармагандыгын билдирет.
Эскертебиз, 2017-жылдын 6-ноябрь күнү түнкү саат 01:30 чамаларында  Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында жайгашкан үйгө күңүрт кийинген белгисиз үч адам бет капчан, мээлейчен кирип келишкен. Конокторду тосуучу бөлмөдөн үйдүн кожоюну 1975-жылы туулган Улан Саляновго ок чыгарышып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен. Ок атуудан алган жаракатынын кесепетинен ооруканага бара жатканда Улан Салянов каза болгон.

Аталган факты Аламүдүн РИИБде катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 14-пункту боюнча (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон. Ал эми кийинки иликтөө ишин уюштуруу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына тапшырылган. Аталган оор кылмыштын бетин ачуу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын жана Чүй облусунун ОИИББдин КМКнын ыкчам кызматкерлери кирише башташкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө мурда соттолгон жактар, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар текшерилип, дыкаттык менен иштөөнүн натыйжасында адам өлтүрүү фактысына тиешеси барлардын изине түшүшкөн.
2017-жылдын 27-декабрь күнү аталган кылмыш ишине шектүү катары мурда бейбаштык, каракчылык, тоноо фактылары боюнча бир нече жолу соттолгон 1986-жылы туулган жаштагы Э.Осмонкулов аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Мурда 2016-жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан 3 жылга эркине ажыратып, абакка киргизүү чечими чыккан. Жогоруда аталган жаранга карата 2017-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын ЖАМКтын тергөө башкармалыгы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмүндө (качуу) каралган кылмыш ишинин курамы боюнча кылмыш ишин козгошкону аныкталган.
ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө Э. Осмонкулов бир катар оор кылмыштарга тиешеси бардыгы аныкталып, 2017-жылдын август айынын аягында Ош шаарында ок атуучу куралды колдонуу менен башка жактар менен кошо жабырлануучуларды каракташып, ири суммадагы 1 300 000 сом акча каражатын алып кетишкендиги маалым болгон.
Ушул сыяктуу башка фактыларды эске алуу менен иликтөөнүн жыйынтыгында Э Осмонкуловго Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин 1-бөлүмү, 123-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,2,3,6,7-пунктчалары, 168-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, 3-бөлүмүнүн 1,2-пунктчалары, 4-бөлүмүнүн 4-пункту, 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5,8,15—пунктчалары, 336-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон.
Жакында Э.Осмонкуловду кармагандан кийин кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттары төмөнкүлөрдү жазып чыгышкан: “Негизги шектүү кылмыш ишинин резонанстуу иш экендигин билип туруп, эмне себептен башкы далил заттан –тапанчаны, эгерде ушул ок атуучу куралдан ок чыгып, адам өлсө жок кылган эместиги таң калтырат”.
Толуктоо максатында билдиребиз, кириминалык милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан тапанча табылып алынган. Ал эми ок атуучу куралдын ээсин (Э.Осмонкулова) болсо кийинчерээк кармашкан.
2018-жылдын август айынын ортолорунда корутундусу чыгып, кылмыш ишинин материалдарын кароого Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн.
Эскертебиз, Улан Саляновдун өлүмүнө катыштыгы бар башка шектүүлөр укук коргоо органдарынан качып жүргөн жеринен чет өлкөдөн кармалышкан. У. Саляновдун өлүмүнө катыштыгы барларга карата кылмыш ишинин материалдары өзүнчө өндүрүшкө алынып, аларга күнөө сырттан коюлган.
Изделип жаткан жарандардын жүргөн жерин аныктоого Кыргыз Республикасынын МУКК, ИИМ жана Россия Федерациясынын ФКК жардам көрсөтүштү.
2018-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Россия Федерациясынын ИИМдин КИББнын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжада шектүү катары издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын 1983-жылы туулган Абыкулов Асанэмир аттуу жараны кармалган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин буюрмасынын негизинде Москвага ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери барышып, шектүүнү кармоого багытталган бирдиктүү ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшкөн.

Асанэмир Абыкулов.
Азыркы учурда компотенттүү органдары менен кармалган жаранды өз мекенине кайтаруу боюнча меселелер сүйлөшүлүп жатат.
Андан сырткары, 2018-жылдын август айынын ортолорунда Э. Осмонкуловго карата күнөлөө корутундусу чыгып, кылмыш ишинин материалдарын кароого Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн маалда үчүнчү шектүү кармалган.
2018-жылдын августунда Екатеринбург шаарынын аймагында бирдиктүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда изделип жаткан 1988-жылы туулган Насруллаев Заурдун жүргөн жери аныкталып, кармаган учурда күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Насруллаев Заур Россиянын жараны болуп саналат.

Заур Насуруллаев.
Россия Федерациясынын компетентүү органдарына жогоруда көрсөтүлгөн жаранды экстрадициялоо боюнча тиешелүү материалдар жөнөтүлдү.
Оперативдик тасма Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМК тарабынан берилип, Москвада Асанэмир Абыкулов күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, көрсөтмө берген учуру тартылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: