Талас шаарынын мэри Айдарбек Жузупбеков жаңы кызматтык автоунаа сатып алуудан баш тартып, ага бөлүнгөн акчаны күндүзгү стационарларга жөнөтүүнү чечти. Бул тууралуу ал өзү билдирди.
Анын айтымында, Талас шаарынын бюджетинен кызматтык унаа сатып алууга 700 миң сом каралган. “Бизде 1995-жылы чыккан эски “Мерседес Бенц” унаасы бар, ал чындыгында начар абалда. Бирок кечээ шаардык кеңештин депутаттарынын жыйынында мен унаа сатып алууну эмес, стационарларга акча жөнөтүүнү сунуштадым. Дары-дармек сатып алып, стационарларда иштеп жаткан медициналык кызматкерлерге кам көрүшүбүз керек. Депутаттар менин сунушумду колдошту ”, – деди Айдарбек Жузупбеков.
Белгилей кетсек, 15-июлда Таласта 45 адамдан коронавирус аныкталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ