6-июлда социалдык тармактарда Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылында жайгашкан оорукананын медайымы Айсулуу Таалайбек кызынын видео кайрылуусу тараган.
Медайымдын айтымында, аталган ооруканада пандемия маалында жарандарга жардам көрсөтүү үчүн медициналык шаймандары жок.
“Биздин ооруканада кычкылтек концентратору жок, дары-дармектер жетишсиз, кайдыгер карабаган Сары-Моголдун тургундарынан кычкылтек концентраторун алып берүүңүздөрдү суранабыз. Бизде коргонуучу костюмдар да жок, бет каптар да жетишсиз, жардам берүңүздөрдү суранабыз”, – деген медайым.
Бирок, көп өтпөй эле ютуб жана Facebook социалдык тармагындагы кээ бир баракчалардын өчүрүлгөн. Анткеи, видео кайрылуу жасаган медайымдын күйөөсү болом деген киши жогору жактан кысым көрсөтүлүп жатканын айткан.
https://www.facebook.com/TMediaKG/videos/275338143699579/
Бишкекте иштеген Сары-Моголдун тургуну Кеңешбек Сайназаровдун айтымында, айыл тургундары кычкылтек концентраторуна акча чогултуп, эки аппарат алганы жатышат.
10-июлда Сары-Могол айыл өкмөтү бир жасалма дем алдыруучу аппарат, дагы бир кычкылтек концентраторун алууга тендер жарыялаган.
Аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Рахматилла Саитов “медициналык кызматкерге кысым көрсөтүлүп жатат” деген маалыматты четке какты.
Жарандар бул окуяны талкууга алып, айыл өкмөтү жасалма дем алдыруу аппаратын алабыз деп 100 миң сомго жарыялаган тендери жетишсиз экенин айтышууда.
Ии, байкуш экенбиз го.
Алайдагы айыл өкмөт Сары-Могол айылына ИВЛ алабыз деп 100,000 сомго тендер жарыялаптыр.
ИВЛ баасы мындан 10 эседей көп болоорун айыл өкмөт билбейт, колдонгонду дарыгерлер билишпейт.https://t.co/CcW6YbVeVp pic.twitter.com/HittXnbJ1T
— Mirsuljan Namazaaly (@Mirsuljan) July 14, 2020
Сары-Могол айыл өкмөтү баасы $10 миң доллардан (780 миң сом) жогору турган 1 даана ИВЛ аппаратын 100 миң сомго сатып алабыз деп тендер жарыялаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ