Menu

Өкмөттүн курамындагы болжолдуу өзгөрүүлөр белгилүү болду

Бөлүшүү:

Эртең, 25-августта Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттү түзүү боюнча кезексиз жыйынга чогулат.

КСДП баштаган парламенттик көпчүлүк коалициясы президенттин аппарат башчысы Сапар Исаковду (40 жашта) премьер-министрлик кызматка сунуштайт.

АКИпресс жазганына караганда, биринчи-вице-премьер  Мухамметкалый Абулгазиевдин ордун Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов (41 жашта) ээлеши мүмкүн.

Олег Панкратовдун ордуна Дүйшөнбек Зилалиев (44 жашта) Вице-премьер болушу ыктымал жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров (38 жашта) курал жана чек ара боюнча иш алып барчу вице-премьерликке каралууда.  Ал Жеңиш Разаковду алмаштырат деп айтышууда.

Андан сырткары экономика министри Арзыбек Кожошев жана өкмөттүн аппаратынын башчысы Акылбек Осмоналиев да алмаштырылышы ыктымал. Кожошевдин ордун президенттин аппаратынан Артем Новиков (30 жашта), Осмоналиевдин ордуна Нурханбек Момуналиев (46 жашта) келиши мүмкүн.

АКИпресске депутат Рыскелди Момбековдун билдиргенине караганда, финансы министринин кызматына Мухаммедкалый Абулгазиев (49 жашта), Байланыш мамлекеттик комитетинин башчысына Нурбек Абасканов (36 жашта) көрсөтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: