Menu

Паспорттун жарактуулук мөөнөтү чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары үчүн гана узартылат

Бөлүшүү:

Паспорттун жарактуулук мөөнөтү чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандары үчүн гана узартылат. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн КР жаранынын паспортунун жарактуулук мөөнөтү жөнүндө 2020-жылдын 19-майында кабыл алган токтому чет өлкөдөгү мекендештерге гана тиешелүү.

“Алар үчүн паспорттун мөөнөтү ушул жылдын аягына чейин узартылды. Бул эреже өлкөдөн чыкпаган жарандарга тиешелүү эмес” – деп билдирди Тилек Жээмбаев.

Анын айтымында, чет өлкөлүк жарандар каттоо мөөнөтүн узартуу үчүн мамлекеттик тейлөө борборуна кайрылуунун кажети жок. Алар өзгөчө кырдаал режими жокко чыгарылгандан кийин айып төлөбөстөн эле узартса болот

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: