Menu

Фотобаян – Жалал-Абадда Улуу Жеңиштин 71 жылдыгы жалпы элдик майрам катары белгиленди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-майда Жалал-Абад шаарындагы Жаштык сейил багында Улуу Жеңиштин 71 жылдыгы согуштун жана ооруктун ардагерлеринин катышуусу менен жалпы элдик майрам катары белгиленди деп миаалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Эртең мененки саат 10 – 00дө өкүл Жумагүл Эгембердиева, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Тайырбек Чойбеков, согуштун жана ооруктун ардагерлери, концлагердин туткундары, коомчулуктун өкүлдөрү жана шаардын коноктору Улуу Ата Мекендик согушта кайтпай калган жоокерлерге тургузулган эстелик менен түбөлүк отко гүлчамбарларды коюшту.
9-май 2016 ЖА 3
Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына арналган майрамдык салтанатта көп улуттуу Совет өлкөсүнүн элдеринин болоттой бекем достугу жана майтарылгыс өлбөс – өчпөс эрдиктери туурасында кеңири сөз болду.
9-май 2016 ЖА
– Эң алгач баарыңыздарды Улуу Ата Мекендик согуштагы көп улуттуу Совет элдеринин фашисттик германиянын үстүнөн болгон Улуу Жеңишинин 71 жылдык майрамы менен чын дилден куттуктоого уруксат этиңиздер. Ошол 1418 күнгө жана түнгө созулган Улуу Ата Мекендик согушта Кыргызстандын калкынын ар бир алтынчы адамы колуна курал алып, ыйык мекенин душмандардан коргоо үчүн аттанган. Ошол каардуу согушта Жалал-Абад областынан 30 миңден ашуун эр-азаматтар согушка аттанышкан болсо, алардын 18 миңден ашууну Ата-Журтуна кайтпай калышкан. Учурда областыбыздын аймагында 121 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, 142 ооруктун катышуучулары жана согуштан күйөөлөрү кайтпай калган 368 жесир энелерибиз жашап жатышат.
9-май 2016 ЖА 2
Силердин Улуу Ата Мекендик согуштагы өлбөс-өчпөс эрдигиңиздер жана согуштан кийинки тынч бейпил заманды куруудагы өрнөктүү жана күжүрмөн эмгегиңиздер өсүп келе жаткан жаш муундарыбыз үчүн ар дайым сыймыктануу сезимин жаратып, аларды мекенчилдикке тарбиялайт десем жаңылбаймын.
9-май 2016 ЖА 4
Биз бүгүн, Улуу Ата Мекендик согуштагы көп улуттуу Совет элдеринин Улуу Жеңишинин 71 жылдыгын татыктуу белгилеп жатып, Сиздердин эсиңиздерге кавказды мекен туткан авар элинин улуу акыны Расул Гамзатовдун таамай айткан сөзүн эстей кетүүнү туура көрүп олтурамын. Расул Гамзатов: «Сен өткөн тарыхыңды тапанча менен атсаң, келечек сени замбирек менен атат!» деп айткан сөзү бүгүн дагы өзүнүн актуалдуулугун жогото элек.
9-май 2016 ЖА 5
Экинчи дүйнөлүк согуштан жер шарында 50 млнго жакын ондогон улуттардын адамдарынын өмүрлөрү бейкүнөө кыйылды. Адамзаттын тарыхындагы бул оор жоготууну унутууга такыр болбойт. Тынчтыктын кадыр-баркын жана нарк-насилин постсоветтик өлкөлөрдүн элдери жакшы билишет. Акыркы жылдары катуу күчөп от алган
Сириядагы согуш ааламаты бир мамлекеттин ичиндеги локалдуу согуш болбостон, дүйнөлүк коомчулукту жана ири ядролук куралдары бар державалардын башчыларын оор түйшүккө салып койду. Миллиондогон качкындар үй-жайларын, айылдар менен шаарларын ташташып, Европага качкын катары агылып жатышат. Өздөрүн Ислам мамлекетинин негиздөөчүлөрү катары эсептешкен ислам динине жамынышкан экстремисттер менен террористтер салттуу ислам дининин кадыр-баркына ачык эле көө сүртүп жатышат. Өткөн жылы Кыргызстан боюнча Сириядагы согушка азгырылып кеткендердин саны аябай көбөйүп кеткен. Алардын арасында аялдар менен кыз-келиндер жана жаш балдардын бар экендиги ойлондуруучу олуттуу маселе экендигин дагы бир жолу бизге эскертти. Акыркы учурлардагы мамлекеттик бийлик жана коомчулуктун активдүү тыгыз карым-катнашта иш алып баруусунун натыйжасында Сирияга кетип жаткандардын катары кан буугандай тыйылды десем жаңылган болбоймун. Ооганстандагы талиптердин кыймылынын күч алышы биринчи кезекте Орто Азия мамлекеттерине коркунуч алып келээрин унутпоого тийишпиз. Ошондуктан өсүп келе жаткан жаш муундар арасында алардын мекенди сүйүүгө болгон тунук сезимдерин күчөтүү менен аларда мекенчилдикке болгон бийик жана улуу күчтү жандандырууга жетишүүбүз зарыл. Улуу Ата Мекендик согуштагы ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдиктери биздин жаштарыбызга сыймыктануу сезимин жаратуучу ыйык жана улуу мурас болуп калышы зарыл деп санаймын.
9-май 2016 ЖА 8
Сиздердин улуу эрдигиңиздерге ар дайым башыбызды ийип, таазим этебиз. Сиздер ар дайым биздин катарыбызда болгула, жашообуз бейпил болуп, балдарыбыздын күлкүсү жаңырсын, асманыбыз ар дайым ачык болсун. Улуу Жеңиштин 71 жылдык даңктуу майрамы баарыбызга куттуу болсун! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен кадырлуу согуштун жана ооруктун ардагерлери!,- деди өкүл Жумагүл Эгембердиева.
Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына арналган майрамдык салтанатка келгендерди Жалал-Абад шаарынын 1-чи вице-мэри Тайырбек Чойбеков, Жалал-Абад шаардык керешинин төрагасы Эрнис Ормоков, областтык ардагерлер кеңешинин төрагасы Сапдырбек Качкынбаев жана Жалал-Абад шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин атынан Нина Симоненко куттукташты. Улуу Ата Мекендик согушта кайтпай калышкан ата-бабаларыбыздын жаркын элесине арнап областтык казысы Абдулазиз кары Закиров куран түшнрдү. Майрамдык иш чара өнөрпоздордун кеңири программасындагы концерти менен коштолуп улантылды.
9-май 2016 ЖА 7
Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына арналган майрамдык иш чаранын программасына ылайык согуштун жана ооруктун ардагерлерине сый тамак катары жоокердик согуштук боткону тартуулоо жана жоокердик 100 грамм спиртти тартуулоо менен соңуна чыкты. Жалал-Абад шаарындагы №704 улуттук гвардиянын өздүк курамынын офицерлери менен жоокерлери согуштун жана ооруктун ардагерлеринини ар бирине майрамдык тамак аш азык түлүктөрү салынган баштыкчаларды тартуу кылышты.
9-май күнү областтын бардык район-шаарларында Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына арналган майрамдык иш чаралар өткөрүлүп, согуштун жана ооруктун ардагерлерине керири сый-урматтар көрсөтүлүп, аларга ар тараптуу камкордуктар көрүлүп, ар тараптуу көңүл буруулар болду. Учурда Жалал-Абад шаарында 11 согуштун кадырман ардагери, 13 ооруктун ардагери жана 2 концлагердин туткундары калышкан.
Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: