Menu

ОшМЮИда Конституцияны талкуулаган тегерек стол

Бөлүшүү:

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда  «Колдоого татыктуу Конституциялык өзгөрүүлөр—мезгилдин талабы» аттуу тегерек стол болуп өттү. Аталган жогорку окуу жайдын  профессордук окумуштуу окутуучулар курамы катышкан иш чарада өзгөртүүлөр киргизилип жаткан Конституциянын жаңы долбоору талкууланды. Анда алгач ОшМЮИнин ректору, юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү мезгилдин талабы экендигин баса белгилеп, негизинен эл аралык келишимдерди түзүүдө жана Конституциялык палата менен Жогорку соттун жоопкерчилигин күчөтүү боюнча, үй-бүлөлүк никелешүүдөгү мүчүлүштүктөрдү жоюу жана башка багыттар боюнча өзгөртүүлөр киргизүү зарылдыгын мыйзамдын негизинде тактап, орундуу ой-сунуштарын айтып өттү. Бул тууралуу  ОшМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев билдирди.

Андан кийин ОшМЮИнин кесиптик кошунун төрагасы Рысбай Жусупов  Жогорку Кеңештин депутаттарынын укуктарынын сакталышы боюнча пикирин билдирди. Ал эми ОшМЮИнин илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытов 2010-жылда кабыл алынган Конституция  ошол мезгилдеги  кырдаалга  ылайыкташкандыгына илимий анализ жасап,  саясий-экономикалык, маданий жактан өнүгүп келаткан өлкөбүздүн азыркы абалы Конституциянын айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылып жаткандыгын кеңири баяндап өттү. Айрыкча улуттук мамлекет деп жазылып, улуттук баалуулуктарды аздектөө боюнча өзгөртүүлөрдү колдоорун билдирди.

Соттордун кесиптик жоопкерчилигине  токтолгон окумуштуу окутуучу Галина Байженова сотторду тандоо кеңешинин курамын кыскартуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Жогорку Кеңештеги партиялардын каолицияларынын туруктуулугу менен жоопкерчилигин бекемдөө зарылдыгын айткан юридика илимдеринин кандидаты Шырман Бакирова бул багытта Конституцияга жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ой-сунуштарын ортого салды. Андан ары да кызуу талкуулар менен коштолгон тегерек столдо катышуучулар тарабынан түрдүү ой-пикирлер билдирилди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: