Menu

Парламент комитети билим берүү министринин кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети кезектеги олтурумунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызмат ордуна сунушталып жаткан Каныбек Исаковдун талапкерлигин карап, жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Талапкердин иш таржымалы менен вице – премьер – министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды.

Каныбек Исаков 2011 – жылдан бери карай ОшМУнун ректору болуп келет. Жетекчилик кызматка келгени инновациялык бир топ жаңылыктарды тажрыйбалап, көз карандысыз аккредитациядан өтүп, өсүштөргө умтулуп келет, – дейт А.Өмүрбекова. Абитуриенттерди кабыл алуунун тартиби он –лайн ыкмасында ишке ашырылып жаткандыгы да иштин көзүн таба билген жетекчинин көрөгөч жөндөмү, – дейт вице – премьер – министр.

Талкууда депутат Алмазбек Токторов, – 120 миң киши иштеген татаал тармакка келип жаткан Каныбек Исаковго кайрылып, ОшМУнун ишин өрнөктүү жолго салып койгон жетекчилик аракетине ыраазы болуп, окуу жайдын бюджети 1,5 млрд. сомго жеткендигин белгиледи. ОшМУ бир гана билим борбору гана эмес, маданий борборго, кала берсе Ош шаарынын бюджетин түзүүчү негизги структурага айлангандыгын айткан эл өкүлү А.Токторов, – “Чыныгы лидерлердин ишке келиши билим берүү тармагын алдыга сүрөйт”, – деди.

ОшМУда окуган студенттердин ар биринин кыймыл – аракети, окуудагы жетишкендиги он-лайн аркылуу ата – энелердин да, мугалимдердин да көз кырында турат. Бул тууралуу иштин ийгилигин белгилеген депутат Жанарбек Акаев, – “ОшМУга К.Исаков жетекчилик кылган жылдары 5 млн. долларлык инвестиция тартылды. Бул соңку 2 – 3 жылдагы жетишкендик. Ушундай жетекчинин республиканын Билим берүү тармагын жетектөөгө келиши үмүт жандырат”, – дейт.

Ал эми депутат Аида Касымалиева талапкерди эйфориядан алыс болууга чакырды. Анткени, сазга баткан министрликтин ишин илгерилетип кетүүдө командалык жумуш керектелерин белгиледи.

Талапкер Каныбек Исаков, – “Мугалимдердин кесиптик чеберчиликтерин жогорулатмайынча, окуу сапатын арттыра албайбыз. Ошондуктан, мугалимдерге ишеним жаратып, билим берүү тармагына позитив беришибиз керек. Коомдогу билим берүү тармагына болгон айыптоолордон арылып, агартуу тармагын реаблитациялайбыз”, – дейт.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри болуп иштеп келген Гүлмира Кудайбердиева 4 – сентябрда кызмат ордун тапшырып берген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: