Menu

Сурамжылоо – Президентибиздин табигый кырсык болуп, адам өмүрү кыйылып жатса да, кайгыга баткан элге басып барып койбогон кайдыгер кадамын сиз кандай кабыл алдыңыз?

Бөлүшүү:

Эл арасында «президентибиз Алмазбек Атамбаев табигый кырсык болуп, адам өмүрү кыйылып жатса да, кайгыга баткан элге эмне үчүн барбайт?» деген суроо көп айтылууда. Россиянын президенти Владимир Путин суу ташкындап кетсе дагы ошол жерге барып, элден кабар алып, маселени жеринде чечип келет. Биздин президентибиздин мындай кайдыгер кадамын сиз кандай кабыл алдыңыз?

Өмүрбек Абдрахманов, коомдук ишмер:

“Келе жаткан президент азыркы премьер болоору баарына маалым”

— Кетип бара жаткан адамды жайына качан коёсуңар? Эми мамлекет башчы катары ал жерге барса деле болмок. Бирок, ал өкмөт башчыны элге чыксын, үйрөнсүн, жакшы көрүнсүн, теледен ошону көрсөтсүн деген максатта жиберип жатат да. Өкмөт башчы баргандан кийин Атамбаевге эмне бар? Түшүнүктүү да бул жагы. Келе жаткан президент азыркы премьер болоору баарына маалым. Ал кишини элге жакын болсун деп жатышат.

Жусупжан Жээнбеков, экс-губернатор:

“Элинин башына оорчулук түшүп турган мезгилде барып койсо кыйналып турган эл үчүн колдоо болмок”

— Менин президенттин өз элине ушундай мамиле кылганына көз карашым өтө терс. Сөзсүз түрдө шайлаган элинин башына оорчулук түшүп турган мезгилде барып койсо кыйналып турган эл үчүн колдоо болмок. Тилекке каршы бут басып баргандын ордуна ата-баба кылбаган ишти кылып үйүнө чакырып алып куран окутканы ыйманга дагы туура келбейт. Мунун баарын эл туура эмес кабыл алып жатат. Шайланганына алты жыл болду, бир дагы жолу элдин алдына чыккан жок. Жада калса алты жылда элдин арасына активдүү чыгып, бир дагы жолу элге кайрылуу жасап калкка отчёт бербеди. Парламентке деле берген жок. Туура, жыл сайын балдардын балатысына барат. Ал жерде деле мен жашымда антип окуганмын, минтип окуганмын, мынча акчам болгон дейт. Ар бир райондон, шаарлардан элди чогултуп, активдердин башын бириктирсе болмок. Анан дагы табигый кырсыктан жапа чеккендердин жеринен кабар алып “кандай болуп жатасыңар?”- деп койгон жок. Президенттин жеринен барып көз көрсөткөнү такыр башкача. Асман менен жердей айырмасы бар. Мен ӨКМде орун басар болуп иштегенмин. Губернатор болуп турганымда бир жерде бир аз кырсык болуп кетсе дагы өзүм барганга аракет жасачумун. Анча-мынча той-пойго барсаң эч нерсе болбойт. Ошто болсом көчкү көчкөн Чычкандын ичине жетип барчу элем. Орун басар кезимде областтын башчысын ээрчитип алып өзүм текшерип канча трактор иштеп жатат, мөөнөт менен тамак бергендер уюштурулдубу карачумун. Лейлекте жер титиреп калды. Барып, элдин арасында өзүм чатыр тигишип, штапты түзүп, областтан, акимчиликтен ким жооп берет баарын жаныма олтургузуп алып түз министрге, өкмөт башчыга отчёт бергем. Ошол убакта так ушул Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы, президент Курманбек Бакиев болчу. Чынында президент катары өтө эле уят болуп жатат. Элдин алдына чыкпаганда кайда барат. Барып койсо өзүнө деле жакшы болмок. Жамандыкта жасалган аракет эсиңден кетпейт.

Равшан Жээнбеков, экс-депутат:

“Президенттин элден коркуу сезими абдан күчтүү”

— Президент мамлекеттин башына иш түшүп кала турган болсо сөзсүз түрдө барат. Бул дүйнөлүк практикада тастыкталган нерсе. Баардык президенттер ушундай иш алып барышат. Бирок негедир ал элдин арасына чыккандан, жолуккандан коркот. Калк менен ачык жолуккандан коркот. Эмнегедир эл менен жолугушуудан дайыма тартынып турат. Мисалы, айылдарга барып калганда тегерегинде 3–4 гана карапайым адамдар, калгандары жансакчылары гана турат. Адамдарды жанына жакындаткандан аябагандай коркот. Анын кандайдыр бир себептери бар болуш керек. Эми башына кырсык түшүп жаткан адамдардын арасына бара албагандыгынын деле себеби ушул деп ойлойм. Президенттин элден коркуу сезими абдан күчтүү. Балким эл аралай албаган биз билбеген кандайдыр бир маселелери бар болушу мүмкүн.

Семетей Талас уулу, журналист:

“Дача-Су, Түштүк жергесиндеги кырсыктар бүгүнкү бийликтин эл менен болгон муздак, теңсинбеген текебер мамилесинин бетин ачып койду”

— Президент Атамбаевдин табигый кырсыктар адам өмүрүн алып жаткан апааттуу жерлерге барбаганы — ​анын адамгерчилигинен, инсан катары кандай калыптагы пенде экенинен кабар берет. Дача-Су, Түштүк жергесиндеги кырсыктар бүгүнкү бийликтин эл менен болгон муздак, теңсинбеген текебер мамилесинин бетин ачып койду. Азыр эки ортодо ажырым күчөп баратат. Өткөндө мисалы, Аюу-Сайдагы 24 мекендешибиздин өмүрүн алган кырсыкта премьер-министр аз гана аткаминерлер менен барды. Ага чейин Сооронбай Жээнбековдун агасы кайтыш болгон. Аллах а кишинин жайын жаннаттан кылсын, ошол жакка жаназага барган миңдеген чоңдор, депутат, чиновниктердин армиясы карапайым кишилер өлүп атса жаназага эмес, жардамга келгенге жарап коюшпады. Макул, келип жер казып, аппак көйнөк, кара кастүм-шымдарын булгабай коюшсун, бирок материалдык жардам берсе болот беле?! Болмок, жакшы эле болмок. Алардын баары Атамбаевге карап түздөнөт да. Баш кандай болсо, дене да ошондой. Илгери, Рысбек Акматбаевдин оң колу жумгалдык Адис Кулманбетов каза болгондо топурак салганы кримдүйнө өкүлдөрүнөн сырткары Акүй, Көкүй бүт көчүп барган. Кайран Рысбек досуна катуу күйүп, бир күрөктү кармап алып тынбай топурак салган дешет. Анын артында министр, депутаттар бозала-чаңга карабай топурак ыргытып турушуптур. Ак көйнөктөрү капкара болгуча. Анын сыңарындай бүгүнкүнүн “Акматбаеви” болгон Алмаз Шаршеныч элге күйүмдүү болуп, кырсык болгон жерлерге барып койгондо берки кошоматчылар шепке көрүнүп калайын деп мукураган элдин көйгөйлөрүн чечип башташмак.

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы:

“Кырсык болгондо бара албай калышына дагы кандайдыр бир жүйөөлүү себептери бардыр”

— Президент табигый кырсыктар болгондо келип кабар албаганы менен кабар алгандан дагы жакшы жардамдарды берип жатат. Материалдык жардамын таратып, өзүнүн көңүл айтуусун чыгарып, өлкө боюнча аза күтүү күнүн уюштурду. Бул жагынан жакшы эле көңүл буруулар болуп жатат деп ойлойм. Көп жерде кырсыктар болгондо бара албай калышына дагы кандайдыр бир жүйөөлүү себептери бардыр. Аны биз билбейбиз да. Бирок Алмазбек Атамбаевдин жер титирөөдө, көчкүлөрдө өзүнчө көңүл айтып, кайгыга батып жатканын баардык маалымат каражаттары аркылуу көрүп жатабыз. Бул жерден ачыгын айтсак кандайдыр бир себептерин билбей туруп, жумурткадан кыр чыгарып катуу сынга ала бергендерди деле орундуу деп эсептебейм. Негизинен колдон келген көңүл бурууларын жасап жатканын массалык маалымат каражаттары аркылуу көрүп-билип жаттык. Бирок ошол элдин башына иш түшүп жатканда жеринен барып көңүл айтып, калкты кайраттандырса жаман болбойт эле. Бирок ага өзүнүн мүмкүнчүлүгү жетишпей, өтө олуттуу себептери болуп жатат го дейм.

Болот Дыйканбаев, коомдук ишмер:

“Президент кырсык болгон жерге жетип барып, керек болсо ыйлашы керек болчу”

— Президент деген ошол мамлекеттин атасы. Балаң ооруп калганда кандай күйүп-быша турган болсоң, президент деген ар бир мамлекеттин жаранына көңүл бурушу керек. Орус, түрк, кытай, өзбек болобу айырмасы болбош керек. Кыргызстандыкпы, жаратылыш кырсыктарына учурадыбы ошол замат жетип барышы кажет. Кыргызда “бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдүн мүйүзү зыркырайт”- деген кеп бар. Президент Дача-СУ, Өзгөндөгү көчкүлөр болобу, кырсык болгон жерге жетип барып, керек болсо ыйлашы керек болчу. Себеби ал президенттин эли. Мен таң калдым, Дача-Суда жабыр тарткандарды резиденцияга барып куран окутту. Бул эмне 21-кылымдын жаңы модасыбы? Бул деген тексиз адамдын жасай турган иши. Адам тектүү, салттуу болуш керек. Орус десе эле биротоло орусташып кеткен болбойт. Керек болсо Путин, Барак Обама дагы барып жатат. Путин түрктөр бир учагын атып түшүргөндүгү үчүн келишимдерди, мамлекеттер аралык мамилени бузуп таштады. Бул деген элин сүйгөн президенттин кыла турган иши. Өзгөндө биринчи көчкүдөн алты адам өлдү, барган жок, 24 адам каза тапты барбады. Дача-Суга дагы барган жок. Дача-Судагы кулаган учак кимдики жана жүк кимге таандык экендиги бизди кызыктырбаш керек. Кырсык болдубу, бул атайылаган жок. Ал жерде эч ким сурак кылбайт. Кырсыкты угаар замат “айланайын элим, аман калдыңарбы?”- деп жетип барыш керек болчу. Кечээ көчкүдө апам мага жалгыз коюн союп берчү дейт. Анын жалгыз кою кимге кызык. Андайда элге көңүл айтып “тагдыр экен, жайы жаннаттан болсун, жаман болду”- деш керек болчу. Мен барып жеринен кабар алып келдим. “Көчүп чыккыла”- деп бир жолу эскертишиптир. Же үй, же чатыр бербесе каякка көчүп чыгат? Бирөөнүн сарайына көчүп чыгабы? Бирөөнү башка жерге жылып тур деш үчүн шарт түзүү абзел. Жөн эле барып “көчүп чыккыла” дегенде кайда көчөт карапайым калк? Анан дагы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көчүп чыккыла десе көчпөй калып жатышпайбы? Жарылбаган жерден жаңы үйлөрдү басып калыптыр. Бул жерде айыл өкмөттүн, акимдин, президентке чейинкилердин шалаакылык мамилеси. Жаңы жер берип жатканда шарттарын карап, тоодон тоого көчүрө бербей шаар жакка элди жылдырбайбы? Качанкыга чейин тоолойбуз? Зергер айыл өкмөтүн 100% көчүрүш керек? Муну мага атам “балам, Зергердин асты таш, үстү топурак, көчүп түгөнөт”- деген. 1950-жылдары Тосойдун үстү жагынан көчкү түшүп 50дөй үйдү басып калыптыр. Ошол жылдардан кийин 1994-жылы 7-март күнү дагы Тосойдун ылдый жагынан көчүп 54 адам өлдү. Азыр биз жаман адатка көнүп алдык. Же президент, же кийинкилер тоготпой карапайым эл өзүнүн тиргилиги менен өзү жүрөт. Мен ушуга нааразымын. Тагдырыбыз ушундай эл экенбиз. Эч президентке жарыбай койдук.

Эдил Байсалов, коомдук ишмер:

“Биз жакшы эле үмүт эттик, анан 2–3 жыл мурун көзүбүз жетип, түңүлгөндө, «Атамбаев- президент-заочник» деп айтканым бар”

— Андай кайдыгерлигине көнүп деле калбадыкпы. Жылына эки жолу аянтка чыгат ашып кетсе. Ошондо дагы дүйнө жүзүнө шерменде болобуз. Мына Россияда анын еврейлерге «Палестинанын чөлүнөн» чыккансыңар деп улутчулдар айтчу сөздү жеңиш күнү айткандыгы талкууланып атат. Өзүнүн функционалдуу милдеттерин аткарган жок. Президент — ​бул элдин символу болуш керек эле. Эч кандай боло алган жок. Биз жакшы эле үмүт эттик, анан 2–3 жыл мурун көзүбүз жетип, түңүлгөндө, «Атамбаев- президент-заочник» деп айтканым бар. Ошондой эле элдин эсинде калат эми.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: