Menu

Премьер-министр Санариптик телерадиоберүүгө өтүү маселелси боюнча республика аймактарында ыкчам штаб уюштурууну тапшырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 12-майда, санариптик телерадиоберүүгө өтүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы санариптик телерадиоберүүгө өтүү өлкөнүн маалыматтык коопсуздугу менен түздөн-түз байланыштуу экенин дагы бир ирет белгилеп, калктын маалыматка жеткиликтүүлүгү талабын сапаттуу телеберүүлөр аркылуу канаатттандыруу керектигин билдирди” – деп атйылат Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн берген билдирүүсүндө.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев маалымдагандай, Социалдык пакеттеги санариптик телеканалдардын эфирин таркатуу үчүн өлкө боюнча 54 санариптик тараткыч орнотулду, бул республикадагы калктын 95% санариптик телеберүү менен камсыздайт.
«Калктын калган 5% 326 калктуу пункта “радиобайланыш жетпеген аймактарда” жашагандыктан, санариптик телеберүү камтыла элек. Негизинен аталган калктуу пункттар тоолордо жана жайлоолордо жайгашкан.

Белгиленген графикке ылайык, аталган калктуу пункттарды санариптик телеберүүгө туташтыруу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө жана жабдуулар орнотулууда», – деди Бакыт Шаршембиев. Ал белгилегендей, аталган калктуу пункттарда жабдуулар орнотулуп бүткөнгө чейин аналогдук берүүлөр өчүрүлбөйт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссия көп иштерди жүргүздү. 2017-жылдын 15-майынан тартып, өлкө санариптик телерадиоберүүгө өтүүсү боюнча калкка маалымдалды.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ар бир райондо техникалык маселелерди жеринде чечүү максатында ыкчам штабдарды уюштурууну тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: