Menu

2018-жылы 500 млн сомго дем берүүчү гранттар боюнча 213 долбоор ишке ашырылат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2018-жылы дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 500 млн сомго 213 долбоорду ишке ашырууну пландоодо.

Мындай чечим 2018-жылдын 14-мартында 2018-жылы дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду ишке ашырууга бекитүү боюнча комиссиянын отурумунда кабыл алынды.

Долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары берген отчёттордон көз каранды (суралган суммага жана үлүштүк (дем берүүчү) гранттын талап кылынган көлөмүнө жараша, грант, отчёт тапшырылгандан кийин, долбоордун тибине жараша (өздүк, тартылган, республикалык бюджеттин) каражаттардын өздөштүрүлүшүн эске алуу менен, бөлүп-бөлүп берилет.

2017-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 208 долбоорду каржылоого республикалык бюджеттен “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча жалпысынан 370 млн 635,6 миң сом жумшалган.

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар – аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин жана башка тартылган каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаттары.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында «Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар» беренеси боюнча 500 млн сом каралган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: