Жаңы жыл астында биздин гезит Темир Сариевдин келечек пландарын жазып, жазга карай эл менен иштей турганын, саясый күчтөрдүн башын кошуу боюнча ойлору бар экенин кыйыткан. Албетте, бараандуу саясатчы үчүн мындай аракеттер мыйзам ченемдүүлүк да. Тилекке каршы, кээ бир бийликчил маалымат булактар Темикени орунсуз эле шыбашып, сөйкөнүүгө өтүп алышты. Башта «Акшумкар» партиясында иштеп жүргөн телекабарчы Назира Ахмедова КСДПчы Улан Примов менен телеканал ачуу долбоору боюнча макулдашып, чогуу иштешүүгө ниеттенишиптир. Ошол арада Назира айым штабдагы иштерин жыйынтыктап, шефи менен жылуу коштошуп, өз бактысын табуу үчүн кадам таштаганы бизге белгилүү болчу. Анан эми бийликчил баканооздор Темир Сариевди да Улан Примовго байланыштырып, чогуу демилге кылып аткандай сүрөттөшөт. Албетте, каарманыбыз ийгиликтүү кадамдардын баарын колдойт, бирок, бирөө менен жармашып ТВ ачуусу болбогон кеп. (Баса, Пиримов деген кечээ эле Алманбет Анапияевдин астында чөгөлөп, жансоога сурап жүргөнү жалган беле?) Сариев өз алдынча саясый лидер, бир канча ирет депутат болгон, Бакиевдин кандуу режиминде оппозициянын баштоочуларынын бири болчу, кийин революция жасап, эл ишенимин аркалап, министр, премьер-министр катары тарыхта калды. Эки ирет президенттик шайлоого катышып, аягына чейин күрөшкөн туруктуу саясатчы катары өзүн көрсөтө алган. Чоң саясатта жеңилүүнү да баштан кечириш керек. Маселен, Атамбаев деле 2000-2009-жылдары хан такты үчүн атсалышып, утулуп, үчүнчү жолкусунда жеңишке жеткен. «Сабырдын түбү сары алтын» дегендей, Темикенин келечеги али алдыда, буюрса, үчүнчү жолку күрөшүндө бак айтаар. Беттегенинен кайра тартпаган адам гана максатына жетет эмеспи…
Акын БЕКЧОРОЕВ
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ