Бычактан жарадар болгон 9 жашар баланын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-мартта билдирди.
Алардын айтымы боюнча, өспүрүм көкүрөгүнөн жаракат алган. Ал жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.
Белгилей кетсек, бүгүн, 6-мартта болжол менен саат 12:00дө күйөөсү аялы менен баласына бычак сайып, өзү асынып алган. Окуя болгон жерге милициянын ыкчам тергөө тобу барып, бычакталган аялдын жана асынып алган эркек кишинин сөөгүн табышкан. Ал эми жарадар болгон бала №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Маалыматтар боюнча, 9 жашар балага 5 жолу бычак сайылган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ