Menu

Бишкекте атасынын колунан бычакталган 9 жашар бала өз алдынча дем ала баштады

Бөлүшүү:

Атасынын колунан бычакталган өспүрүм бала өз алдынча дем ала баштады. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, баланын дем алуусу калыбына келтирилип, жасалма дем алдыруучу аппараттан алынган. Бирок, азырынча анын абалы оор бойдон калууда.

Белгилей кетсек, кечээ, 6-мартта болжол менен саат 12:00дө күйөөсү аялы менен баласына бычак сайып, өзү асынып алган.  5 жерине бычак жеп жарадар болгон 9 жаштагы бала кошуларына чыгып, кандуу кылмыш тууралуу кабарлаган. Кошуналары “тез жардам” кызматын жана милицияны чакырышкан.

Окуя болгон жерге милициянын ыкчам тергөө тобу барып, бычакталган аялдын жана ваннада асынып алган эркек кишинин сөөгүн табышкан. Жарадар болгон бала №3 балдар ооруканасына жеткирилген.

Маалыматтар боюнча, аялын бычактап өлтүрүп, баласына бычак сайып, андан соң асынып алган жаран Бишкектин Октябрь райондук сотунда сот болуп иштеген. Кылмышка шектүүнүн бул экинчи никеси болгон.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: