Ушул жылдын февраль айында Москва шаарында кыргызстандык жаранды кармашкан. Ал өз өлкөсүндө кылмышкер катары изделүүдө жүргөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык шектүү Жалал -Абад областынын 1981-жылы туулган О.А экени аныкталган. Ал 2019-жылдын май айынан бери алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн.
Кармалган жаран 2018-жылы жабырлануучулардын ишенимине кирип, машина алып келип берем деп алдамчылык жол менен 2581000 сомго ээ болуп, айткан убадасына турбай качып кеткен.
Кылмышкер өз өлкөсүнө жиберилиш үчүн камакка алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ