Menu

Улуттук идеология барбы же унутулган идеологияны кантип жандандырабыз?

Бөлүшүү:

Биздин заманга чейинки доордо (б.з.ч. 10-кылымдар. Мурун кытай тарых булактарында б.з.ч. 201-жыл деп жазылган болсо, кытай тарых барактарында жаңы маалыматтарын табылуусу менен кыргыздардын тарыхы дагы 8 кылымга тереңдеди), андан кийинки мезгилдер жана эң негизги мамлекетибиз саналган Улуу Кыргыз Дөөлөтү/Улуу Кыргыз Каганаты (840-жыл) деп мындан миңдеген жылдар мурун тарых барактарында тастыкталганы айтпаса да белгилүү болуп саналат. Ошол замандардан бул заманга чейин Кыргыз эли бир топ кыйынчылыктарды баштан кечирип, кээде жеңип, кээде жеңилип барлыгыбызды бүгүнкү күнгө дейре сүрдүрүп келип олтурабыз. Эми бул башка маселе, узун сөз.

Биз, алыс кетпестен эле эгемен Кыргызстанды (1991-жыл) алалычы, башыбыздан бир эмес эки жолу төңкөрүш (2005 жана 2010-жылдары), эки жолу кыргыз-өзбек чатагы (1990 жана 2010-жылдары), Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактардагы кагылышуулар орун алып, арты бүгүнкү күнгө чейин токтобой келет. Кыргыздын айкөлдүгү кээде өзүнө терс таасирин тийгизип, котур ташын койнунда алып жүргөндөр өз арабыздан чыкканы канча. Түндүк-түштүк, ууру ууруга бөлүнүп, трайбализмдин кедергесин жон терибиз менен сезсек да, чоңунан кичинесине чейин түшүнбөй, акылыбызга келе албай койдук. Элибиздин көбүнүн турмушу начар. Анан да дүңгүрөтүп той берип, дүйнөгө таанылыштын кереги барбы? Акылы бар, эси жок эл – биз окшойбуз да… Андан да «Орто Азиянын жүрөгү (ар кандай туристтик жарнамаларда колдонулуп жүрөт), Швейцариясы (табиятынын кооздугу менен салыштырылып келет), эң эле демократиялуу (саясий мааниде Борбор Азиядагы демократия аралы деп айтылып келет) өлкө БИЗ!» деп ааламга жар салып, мактануу акылга сыя турган сөзбү? Болбосо кана анда, биз самаган Орто Азиянын жүрөгү, Швейцариясы боло турган, эң демократиялуу Кыргызстан? Жок …

Ушундан улам мындайча суроолор туулат; Мамлекет катары биз өзүбүздүн жолубузду таба алдыкбы? Мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдей алдыкбы? Кошуналар менен мамилебиз жүрөк жылытаарлыкбы? Көп улуттуу ар түрдүү көз карашка ээ болгон коомдо биримдик, ынтымак жана сабырдуулук сакталып жатабы? Аткаминерлерибиз элди, элибиз мекенди канчалык деңгээлде ойлоп жатат? Кыргызстан элинин жашы менен карысы, аялы менен эркеги, оңчул менен солчулу, байы менен кедейи, динсизи менен диндары, шаардыгы менен айылдыгы ж.б. баардыгын башын бириктире ала турган жалпы улуттук идеологиябыз (Идеология –  коомдук турмуштун бир жааты. Максат-ниеттерин негиздеген ой-түшүнүктөр тутуму. Адам алдына койгон максатын, жасаган ишин, көздөгөн ниетин, ага жетүүнүн жолдорун, куралдарын жана каражаттарын кайсы бир ой, идеяларга таянып түшүнөт, баалайт, аныктайт, башкаларга түшүндүрөт, таратат.  Идеологиянын негизинде таалим-тарбия иши жүргүзүлөт, коомдук мамилелер аныкталат, чыгармачылык калыптанат, адамдар өз ара түшүнүшөт, биригет, коомчулук жана адамдардын зор массасы белгилүү бир максатты (багытка) көздөй мобилизацияланат, саясат ишке ашырылат. Идеология көп кырлуу, көп түрлүү кубулуш. Коомдук идеология, улуттук идеология, мамлекеттик идеология, диний идеология сыяктуу өзүнө тиешелүү маани-мазмунга, түшүнүктөргө ээ. “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784бет) барбы? Болсо ал кайсы? Эмнеге ишке ашпайт? Тарыхыбыз такталып, маданиятыбыз баркталдыбы? Өз маданиятыбызды жээрип, өзгө маданиятка ээлик кылгандардын күндөн-күнгө көбөйүп жаткандыгы эмнеден кабар берет?

Мына ушул суроолор ар бир Кыргызстандык жараандын жүрөгүндө болуп, күн-түн дебей акыл калчап жана ошого жараша аракет кылышы кажет го. Бүгүнкү күндө Кыргызстанды ар түрдүү улуттун өкүлдөрү (80 ден ашык) байырлап келгени менен бирок, башка улуттардан коомдук жана саясий жараяндарга активдүү катышкандары саналуу болуп, алды тарыхый мекендерине көчүп, аягы бүгүнкүгө чейин уланууда. Калгандары да ар кандай иш менен алек болуп, өз арабаларын өздөрү согуп келет. Мисалы орус, украин, акорустар ишкердик жана техникага жакын болуп, корей, дунган өңдүүлөрү эгин талаа менен алек болсо, уйгурлар соода-сатык менен шуугулданып, кавказ элдери мал чарбачылык менен жан багып келишкенин айтпасак да белгилүү го. Ал эми кыргыздар, саны бар сапаты жок саясатчылары менен аткаминерлердин таттуу сөздөрүнө ишенип отурганы отурган, отурбаганы да мигрант болуп дүйнөнүн ар тарабына чилдей тарап кетти. Аткаминерлерибиз болсо мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн эмес жеке бийлик, мал-мүлк үчүн бири-бири менен жаакташып, жакалашып, арты соодалашып, алды соттошуп жаны тынбай келишет. Кана жыйынтык? Ким утту, ким утулду? Эмне пайда таптык? Же элдин турмушу жакшырып кеттиби? Бизди мындай турмушка ким алып келди? Ким күнөлүү же ким ак? Ким жооп берет? Маселе эмнеде? – деген суроолор ортого чыкпай койбойт.

Кыргызстан эгемендиктин алгачкы жылдарында эле ээрге кыйшык отурганы бүгүнкү жагдай ачык көрсөтүп койду окшойт. Ошол учурдагы оош-кыйыш, олку-солку заманда бир топ мамлекеттик обьектилердин жеке менчикке өтүшү менен бүгүнкү колхоз-совхоздон калган сарайлардын, завод-фабрикалардын темирин темирдей, жыгачын жыгачтай, кышын кыштай кылып чыгарып, талкалап кетишти. Башкача айтканда мамлекет да пайда көргөн жок, калың журт да пайда көрө алган жок. Кыска жана ачык айтканда «баягылар» эле жыргады. Айрыкча жаңы бир мамлекет катары түптөлө баштаганда негизги маселе экинчи планда калганы мени бүгүнкү күндө өкүндүрбөй койбойт. Маселен убагында (1995-жылы Манастын 1000 жылдыгындан кийин) улуттук идеология катары «Манастын Жети Осуяты» деп белгиленип бирок, сөздө гана калып, абага тарап жок болгонун баарыбыз эле билсек керек. Улуттук ар-намыс, мекенчилдик жана улуттук идеология баланын аң-сезиминде кичинекейинде эле калыптана баштаганы белгилүү. Бирок Манастын жети осуяты көп улуттуу коомубуз үчүн жалпы улуттук идеология болуп бере алган жок экени бүгүнкү күндө ачык көрүнүп турат. Алсак, мектеп окуучулары болсун, ЖОЖ студенттери болсун Манастын жети эмес, бир осуятын айта алышабы? Айтса да жаттама, маанисин түшүнбөйт. Мына ошол идеология кимдин жүрөгүнө сайылып, кимдин акыл-эсинде калды? Манасты мындай кой, кыргыз болуп кыргызча билбегени канча? Бир орус үчүн онубуз орусча сүйлөгөнүбүзчү..? Феминизмдин арты менен маданиятыбызды майдалаганыбыз аз келгенсип, акыры радикалдуу кадамдарга (жылаңачтануу, нарк-насилге каршы чакырыктар, батыштын маданиятын бай, биздикин теңине албаган ж.б.) чейин барышканычы?

Бир мамлекеттин жок болушунда ар түрдүү факторлор жана себептер болушу мүмкүн. Алсак социалдык, экономикалык жана саясий кризистер мамлекеттин кыйроосуна алып келиши белгилүү. Ал эми жалпы улуттук идеологиянын жоктугу бир мамлекеттин кыйрашына, бир улуттун жок болушуна мындан да тез убакытта алып келет. Буга ошол мамлекеттин журт башчылары, төрөлөрү жана карапайым калктын да салымы болушу толук мүмкүн. Маселен, карапайык калкта кайдыгерлик болсо, төрөлөрдө ачкөздүк жана акылсыздык болсо, эл башчыларда ыйман менен мекенге болгон сүйүү жок болсо, жериңди сатып, элиңди кул кылып коюшу толук ыктымал. Буга окшогон толгон-токой окуяларды биздин жана дүйнөлүк тарыхтан көрүүгө, адабияттан окууга болот. Үзөңгү-Кууштун кытайларга, Каркыранын казактарга, түштүк жергесиндеги миңдеген гектар жерлердин тажиктер менен өзбектерге өтүп кетиши, ушул маселенин далили болуп саналат жана мени калк калп айттырбаган чыгаар. Болбосо ата-бабаларыбыз бир карыш жер үчүн кан-жанын аябай керт баштарын өлүмгө сайып, бизге аманат, келечек муунга мурас кылып калтырышкан эле. Мына ушул тарыхты бүгүнкү муун билип, сезип жатабы? Эгемен мамлекеттин курулушуна салымын кошкон аталарыбыздын наалатындан корккон барбы?

«Келечек-жаштардын колунда!» деп айтуу менен катаачылык кылган экенбиз деп ойлоп калдым. Мен бул сөздү «Келекчек-ыймандуу, билимдүү, мекенчил жаштардын колунда!» деп өзгөртүүмө эч ким деле каршы чыкпайт деп ойлойм. Себеби көрүп жатабыз жаштардын да жалпак баштарын, ар кайсынын камчысын чаап, жеке керт башын ойлоп, өз көмөчүнө күл тартып, улуттук кызыкчылыкты унутта калтыргандарын. Өлкөбүздөгү окуу жайлардын алдыңкы саптарында бир дагы мамлекеттик же жергиликтүү жеке менчик окуу жай болбогондугу да улуттук идеологияга түздөн-түз тиешелүү деген ойдомун. Ошол эле окуу жайларда окуган кыргыз жаштарынын бир маселеде бир пикирге келиши, бир ишти бирге алып кетиши өтө оор болуп калды. Бирөө Американын саясатын түртөт, дагы бирөө Батыштын, кийинкиси орустардын, башкасы түрктөрдүн, дагы бири арабтардын идеологияларын жактап, талашып-тартышууга барганын көрүп, угуп эле жүрөбүз. Бул саясий жана экономикалык, улуттук жана диний, аскердик ж.б.у.с. талаш-тартыштар болушу мүмкүн. Мейли тартышсын дейли бирок, кээде улуттук кызыкчылыктарды, кыргыз элинин руханиятын жана ар-намысын тебелеп койгону негизги маселе болуп жатпайбы. Мындай кадамдар келечекке коркунуч туудуруп жана бара-бара чоң маселеге айланып, мамлекеттин кыйрашына өз үлүшүн берери толук ыктымал. Ал эми бүгүнкү аткаминерлер ачкөз, интеллегенция сокур, аксакалдар акылдан айнып, калк кайсырап, жаштарда абийир менен ыйман кетип баратканда улуттук идеологиянын жоктугу зээнди кейитет.

1938-жылдагы «Ата Бейит» кыргынында улуттун каймактары болгон мекенчил аталарыбыздын көбүнүнүн кырылып калышы да кыргыз элине өз таасирин тизгизди бейм. Анткени, ортодо уланып келе жаткан чынжыр үзүлүп, булактын көзү жабылып кийинки муун бул булактын суусун ичпей калды. Кыргыздын рухун, духун көтөрө турган Манас, Бакай, Кошой, Барсбек, Ж.Абдрахманов, К.Тыныстанов, А.Орозбеков, А.Сыдыков, Т.Айтматов, И.Раззаков ж.б. өңдүү аталарыбыз кыргызга дагы жаралабы? Бүгүнкү коом, мына ушундай инсандарга, ушулардыкындай аруу тилектерге, ушулардыкындай идеологияга чаңкап, суусап жана улуттук кызыкчылык менен ар-намысты бийик койгон уул-кыздарга болуп көрбөгөндөй муктаж болуп турат. Кана кимиң барсың жалпы улуттук идеологиянын уңгусун, уюткусун бере турган? Жооп бергилечи улуу урматтуу журт башчылары, интеллегенциянын көзгө басарлары, диндары менен динсизи, бай-кедейи, улуу-кичүүлөрү жана ар улуттун өкүлдөрү. Жалпы улуттук идеологиябыз барбы? Болсо, ал кайсы…?

Арсланбек Кенжешов,

Автор учурда Түркиянын Ондокуз Майыс Университетинин Коомдук Илимдер Институ, Философия жана Дин Билимдери бөлүмүнүн Дин Социологиясы адистигинде докторантурада (PhD) билим алып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: