Menu

Казакстандын тышкы карызы 168,9 миллиард долларга жетти

Бөлүшүү:

 Казакстандын Улуттук банкы өлкөнүн тышкы карызынын суммасын атады. Банктын расмий сайтындагы маалыматка караганда, республиканын бересеси акыркы 10 жылда 74,6 миллиард долларга көбөйүп, 168,9 миллиард долларды түздү.

Мунайгаз долбоорлору менен иштеген фирмалардын, өкмөттүн жана экономиканын каржылык эмес секторунун береселери арткан.

2017-жылы июнда Улуттук банктын башчысы Данияр Акишев тышкы карыз 167,9 миллиард АКШ доллары экенин билдирген.

Буга чейин улуттук экономика министри Тимур Сулейменов өкмөт жыйынында 2022-жылга чейин мамлекеттик карызды 26 пайыздан 23,7 пайызга чейин кыскартуу пландалып жатканын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: