Menu

Өзбек кримтөбөлү Салимбай байбатчаны айга-күнгө теңеп, “Салимбай бар, кыргыз бар. Салимбай биздин тирегибиз” деп сыймыктангандар кимдер?

Бөлүшүү:

Бул жуманын орчундуу окуяларынын негизгиси бирөөгө жагалданганды жакшы көргөн көпөстөр Жалил Атамбаев менен Нургазы Айдаровдун өзбек кримтөбөлү деп атагы алыска угулган Салимбай “байбатча” менен жолугушуп, аны айга-күнгө теңеп “Салимбай бар, кыргыз бар. Салимбай биздин тирегибиз” деп сыймыктануу менен айтып жаткан видеосу болду. Жалил Атамбаев коомчулукка кимдин колунда бийлик болсо ошол кишинин колуна суу куюп, бизнесин өркүндөткөндү мыкты өздөштүргөн “суукуйду бизнесмен” деген каймана ат менен белгилүү. Бийлик башында олтурган адамдардын атын жамынып, иш кылганды жакшы көрөт деген сөз жармашкан. Ал эми Нургазы Айдаров болсо Жогорку Кеңештин мурунку депутаты. Депутат болуп турган мезгилде элдин көйгөйүн көтөрүп бир да жолу жарытылуу сөз айта албаган. Бирок, өзүнүн бизнесин өркүндөткөндү мыкты билгендерден. Ушундай эки көпөстүн оозунан элдин абалы тууралуу сөз чыкмак беле. Андыктан “Байбатчаны” “Кыргыздын тиреги” деп былжыраганына нааразы болбой койсо да болот. Бирок, оозуна алы жетпей, ар нерсени оттой берген адамдар менен чогуу Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримов менен Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун чогуу түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга тарап кеткенден кийин талкуу ого бетер күч алды.

Дамирбек Асылбек уулу, Жогорку Кеңештин депутаты: «Шаршенбек Абдыкеримов экөөбүздүн сүрөтүбүздү тигил жакка учкаштырып коюшуптур да»

— Дамир мырза, Жалил Атамбаев менен Нургазы Айдаровдун өзбек кримтөбөлү делген Салимбай “байбатча”менен жолугуп, аны “Кыргыздын тиреги. Салимбай аке бар, кыргыз эли бар” деп мактаган видеосу чыгып, коомчулукту дүрбөлөң кылып ийгенин көрдүңүз да. Эки жагымпоздун “Байбатча” менен жолуккан сүрөттөрүндө сиз, Улуттук Олимпиада комитетинин президенти, “Кыргызстан” партиясынын кожоюну делген Шаршенбек Абдыкеримов да жүрөт. “Салимбай-чайканачы” менен качан жолуктуңуз эле?

— Бул сүрөт тууралуу айтсам, 2014-жылы Өзбекстандын Ташкент калаасында күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат өткөн. Салимбай Абдивалиевич деп жатпайсыңбы. Ал киши Өзбекстандын күрөш федерациясынын президенти. Андан тышкары Олимпиада комитетинин вице-президенти болот. Өзүңүз билесиз, мен дагы күрөш боюнча Азия федерациясынын вице-президенти болом. Биз менен Кыргызстандын Олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Шайлообекович Абдыкеримов ал дагы сүрөттө турат. Бул күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатка баргандагы 2014-жылы түшкөн сүрөт. Бизден тышкары ал жакта 200дөн ашык мамлекет катышкан. Ошол мамлекеттердин спортту колдогон бүт меценаттары, күрөш боюнча федерацияларынын, улуттук олимпиада комитеттеринин президенттери катышкан. Ошол кездеги сүрөттү кечээги сүрөткө кошуп коюшуптур.

— Демек, монтаждаган экен да…

— Монтаждап туруп, алдыдагы видео роликке кошуп салышыптыр. Негизи сүрөткө түшкөнбүз. Бул киши өзү спорттун меценаты. Биздин спортсмендер машыгышып сборлорго барып жүрүшөт. Спорт жагынан таанышпыз. Шаршенбек Абдыкеримов экөөбүздүн сүрөтүбүздү тигил жакка учкаштырып коюшуптур да.

— Анан тиги видеодо “Салимбай бар, кыргыз бар” деген сөздөр жүрбөйбү…

— Ал сөздөрдү башка роликтен кошуп коюшуптур. Андыктан мен ага комментарий бере албайм. Андай сөздөр айтылган жерде болгон эмесмин. Биздин сүрөтүбүз 2014-жылы түшкөн сүрөт. Ал эми берки сүрөттөр менен видеого комментарий бере албайм. Биздин сүрөттө беш киши түшкөн. Сиз айтып жаткан адамдар кимдер менен барганын, кайсыл жылы сиз айтып жаткан сөздү айтканын билбейм.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: