Menu

“Мыйзамсыз баюу” беренеси Атамбаевдин “любимчиги” Мусакеевге келгенде иштебей калабы?

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди бир топ убакыттан бери «көлөкө» сыяктуу ээрчип кайтарып жүргөн, тармактык билими жок туруп УКМКнын 9-башкармалыгын жетектеген жансакчысы Дамир Мусакеев акыркы кездери кандай гана митинг өтсө өз «салымын» кошуп, ага тааныштарын тартып, эптеп эле өлкөдө ызы-чуу чыгарууга куштар болуп жүрөт. Мунун да себеби жүйөлүү, анткени «шефи» Атамбаевге окшоп Мусакеев да болушунча тайраңдаган, ишкерлерди калкалап «доля» алганы бир тең болсо, далай мыйзамсыз аракеттери менен байлык топтогону бир тең. Буга чейин ага УКМК кызматкерлерине бөлүнгөн батирлерди тааныштарына таратып, мамлекетке зыян алып келгени үчүн кылмыш иши козголгону маалым. Эми Мусакеевге «мыйзамсыз баюу» беренесин колдонуп иш ачаберсе болот. Дегенибиз, атайын журналисттик иликтөөнүн натыйжасында Мусакеевдин 2010-жылдан кийин эбегейсиз байлык топтогону аныкталганы ачыкка чыкты. Мамлекеттик кызматтагы айлыгы менен мындай байлыкка эки дүйнөдө да жете алмак эмес. Кожоюнундай куулук кылган Дамир мырза далай байлыктарын жакындарына каттаткан. Сөзүбүз куру болбош үчүн биз төмөндө алардын айрымдарын сунуш кылабыз:

Дамир Мусакеевдин атасы Мусакеев Сагындык Акматовичтин наамына катталган мүлктөр:

—Бишкек шаары, Сүйөркулов көчөсү 7а дарегиндеги батир (катталган күнү: 22.10.2015),

—Бишкек шаары, Кеңсуу көчөсү 19 үйдөгү батир (катталган күнү: 07.07.2014)

-Ак-Ордо конушу, Кок-Бел көчөсү 74, жер тилке (катталган күнү: 01.07.2014)

—Сокулук району, Новопавловка айылы, Проектируемая көчөсүндөгү жер тилке (катталган күнү: 18.02.2010)

—Ысык-Көл облусу, Чоң-Сары-Ой айылы, курорттук зонадагы жер тилке (катталган күнү: 24.06.2015)

—Тоң району, Бөкөнбаев айылы, Осмоева көчөсүндө жайгашкан дүкон.

Дамир Мусакеевдин апасы Төлөгөнова Айнура Жумашевнанын наамына катталган мүлктөр:

—Бишкек шаары, Рыскулов көчөсү 796 дарегиндеги батир (катталган күнү: 07.05.2019)

—Бөкөнбаев айылынын Мамбетов көчөсүндөгү турак-жай (катталган күнү: 01.09.2016)

—Бөкөнбаев айылынын Мамбетов көчөсундөгу дүкөн (катталган күнү: 01.09.2016)

—Аламудүн району, Маевка айылындагы жер тилкеси (катталган күнү: 20.01.2011)

—Бостери айылындагы коттедж (катталган күнү: 11.02.2019)

—Бишкек шаарындагы Турусбеков көчөсу 88/2, батир (катталган күнү: 14.05.2018)

—Бишкек шаары, Калык Акиев көчөсү 99, батир (катталган күнү: 07.05.2018)

—Бишкек шаары, Рыскулов 7б, батир (катталган күнү: 14.05.2018)

—Бишкек шаары, П.Лумумбы көчөсү 143, батир (катталган күнү: 19.12.2003)

—Көк-Жар конушу, Куйручук көчөсү 20/2 батир. Бул даректе Дамир Мусакеевдин кызматтык батири экени анык болду. Бул үй УКМК тарабынан кызматтык батир катары берилген.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: