– Дастан мырза, орозо кармайсызбы?
– 2014-жылдан бери карай төрт жыл катары менен кармап келатам. Буюрса, быйыл да кармоону ниет кылгам. Орозо жамандыктардан коргойт, тилектерди кабыл кылат. Орозо кармагандан башка жума намазга да барып турам. Беш маал окуганга идеалдуу болуш керек. Анан да саясаттан кетиш керек болот.
– Саясат намаз окуганга тоскоолдук кылат деп ойлойсузбу?
– Негизи, намазды жөн эле окуй бербейт. Ниет коюп, чын дилден окуйт. Мен көп кишилерди, ошонун ичинде саясатчыларды көрүп жүрөм. Мен аларды жамандайын деген жокмун. Бирок, трибунадан башканы сүйлөшөт, калп айтышат, эл акысына кол салышат, анан барып намаз окушат. Намаз окуган адам эч кандай жаман иштерге барбашы қерек.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ