Menu

Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаты: «Жогорку Кеңеш бир адамдын кызыкылчыгы үчүн эмес, Конституциянын принциптерине дал келген мыйзамдарды кабыл алышы керек»

Бөлүшүү:

 

— Курманкул Токторалыевич, кечээ Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетте Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун талкулоодо Жогорку cоттун өкүлдөрү менен талашып кеттиңиздер, негизи сунушталып жаткан мыйзамдын эмнеси туура эмес?

— Өзүңөр күбө болдуңуздар, биздин комитетте кызматтык макулдашуу түшүнүгүндө жазык-процессуалдык кодекске жаңы бөлүм киргизип жатышат. Ал жерде кылмышка шектелүүчү тергөө менен кызматташканда анын жоопкерчилиги кандай болот? Муну демилгечилер кылмыштын бетин ачуу жеңилдейт, кылмышты тереңдеп изилдөөгө жана толук ачууга шарт түзөт деп айтып жатышат. Бул айтылышы түшүндүрмө боюнча негизи туура. Бирок бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан жазык-процесстик кодекстин көптөгөн нормаларына дал келбейт. Мисалы, демилгечилер “жалгыз шектелүүчү болсо бул мыйзам долбоору жайылтылбайт”- деп айтып жатышат. Эгерде кылмышкерлердин саны бир нече болсо, ошолордун ичинен бирөөсү кызматташам деп прокурорго арыз менен кайрылып, ал токтом чыгарып, сотко алып барып каратып, кылмыштын материалдарына кошуп, ошол кызматташууга барган соттолуучуга карата кылмыш ишти өзүнчө бөлүп алып барса, сот ошол токтомду өкүм менен бекитип коёт экен. Кызматташуу жөнүндө макулдашууда көрсөтүлгөн жагдайлар аткарылганда шектүүгө же айыпкерге карата сот тарабынан колдонулуучу жазанын түрү жана өлчөмү көрсөтүлөт экен. Бул негизинен адилеттүү сот принцибинен тайгандык болуп калат. Өзгөчө оор кылмыштарда соттук териштирүү өтпөй, тергөөдө иликтенген материалдарды далилдебей туруп кантип сот өкүм чыгарат? Соттук териштирүүдө кылмыш иштин ичиндеги материалдар менен салыштырып, соттук териштирүүдөгү изилденген фактылардын негизинде ички туюмуна таянып чечим чыгарат. Соттук териштирүү жүргүзбөй соттогу тең укуктуулук, ачык айкындуулук принциптерин бузуп өкүм чыгарып жатпайбы. Кылмыш жаза кодексинде жаза чектөөнүн жалпы негиздери деген принцип бар. Жазаны чектеп жатканда судья оордотуучу жана жеңилдетүүчү жагдайларын карайт. Оордотуучу жагдайларга анын мурда өнөкөт кылмыштарды жасагандыгын, эгер уюшкан кылмыштуу топтор менен кармалса, оор кесепеттерге алып келсе, анда жеңилдетүүчү жагдай колдонулбайт. Демек бир эле кодекстеги эки башка норманын кайсы бирин сот колдоно алат. Менин суроомо Жогорку Соттун төрайымынын орун басары “карама-каршылык болсо мурунку нормага караганда кийинки норма күчтүүлүк кылып, жаңы норма колдонулат”- деп жооп берди. Андай талаптар мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Бир эле мыйзамда эки башка норма болсо, бул мыйзамдын ичиндеги карама-каршылыктарды, коллизияны, башаламандыкты пайда кылат. Сот эки норма турса кайсынысын колдонот? Мен берген суроолорума туура, так, мыйзамга дал келген жооп ала албай койдум.

— Бүгүнкү күндө сотторго нааразычылык айтылып жатат. Өзүңүз деле сот тармагында көп жыл иштегенсиз. Азыр бир дагы адам сотторго ишенбейт. Соттор мынчалык төмөн даражага кандай негизде, кайсыл катасы үчүн түшүп калды деп ойлойсуз?

— Мен баардык убакта ак, караны туура айтууга аракет кылам. Соттордун деңгээли өтө эле төмөн түшүп кетти дегенге дагы кошулбаймын. Беш кол тең эмес. Жалпы сот системасынын азыркы учурда кадыр-баркы түшүп жатат. Аны түшүрүп жаткан да өзүбүз. Мисалы, райондун бир судьясы жылына 800дөн ашык иш карайт. Анын ичинен беш же он өкүм, токтомдор бузулуп калса эле сот жаман. Калган 750 иши мыйзамдуу болуп эсептелинет да. Сот реформасын жасайбыз деп алты жылдан бери аракет жасап келе жатабыз. Соттордун курамы толук алмаштырылды, жаңы мыйзамдар, кодекстер кабыл алынды, аракеттер болуп жатат. Бирок өз деңгээлинде жыйынтык чыкпай жатпайбы. Себеби биз аракеттерди туура жасабай жатабыз. Сотторду реформалайбыз деп айтканыбыз менен сотторду алмаштыруудан уттукпу? Биз алардын материалдык техникалык базасын түзүп, социалдык абалдарын кепилдикке алып, эмгек маяналарын көтөрүп, коопсуздугун сактап, мыйзамдарды кодификациялоо менен гана реформа болду деп айта алабыз жана жыйынтык чыгат десек болот. Эгерде бүгүнкү судьянын айлыгы үй-бүлөсүн багууга эмес өзүнө да жетпей жатса кантип ал мыйзамдуу, адилеттүү чечим чыгарат. Биз адамдык факторду унутпашыбыз керек. Ошондуктан азыркы учурда сот системасында көйгөйлөр толтура. Бирок баардык эле сот мыйзам бузуу менен иштеп жатат дегенге мен кошула албаймын.

— Бүгүнкү күндө сөз эркиндиги боюнча талаш-тартыштар көбөйүп жатат. Сөз эркиндигине келгенде депутаттар журналисттерди, журналисттер депутаттарды күнөөлөйт. Деги эле Кыргызстандагы сөз эркиндигине кандай баа бересиз?

— Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп эсептейм. Бирок ошол эркиндикти ким кандай колдонуп жатат кеп ошондо. Ошол сөз эркиндиги деп алып жөнөкөй жарандар, саясатчылар жана журналисттер да аша чаап кетип жатышат. Адамдын аброю жана анын ишмердиги жөнүндө сөз болот. Адамдын аброюна эч ким шек келтиргенге акысы жок. Ал эми адамдын ишмердиги боюнча журналист албетте өзүнүн пикирин жазганга укуктуу. Кайсы бир адамдын кебете-кешпирин, кылык-жоругун, баскан-турганын жазган бул адамдык абройго шек келтирүү болуп саналат. Журналисттерге карата мыйзам бар, ошол талаптарды так сактасаңыздар эле сиздерге чоң аброй болмок.

— Жогорку Кеңеш мыйзамдарды пачкалап чыгарып жатасыздар. Бирок аны көзөмөлдөгөн адам жок болуп жатпайбы? Бул маселе деле бүгүн актуалдуу болсо керек. Чыгарып койгон мыйзам иштебесе анын кимге кереги бар?

— Негизи мыйзам кабыл алууга бир-эки жылга мароторий киргизип, мамлекеттеги болгон мыйзамдардын үстүнөн өкмөт менен бирдикте ревизиялап, карама-каршылыктарды жоё турган убакыт келди. Мисалы, Айыл чарба багытын эле алганда үч жүзгө жакын мыйзам бар. Аны ким толук билет? Ошондуктан мыйзам кабыл алууну токтотуп мыйзамдарды ирээтке келтирмейинче башаламандык, укуктук колизиялар, карама-каршылыктар боло берет. Экинчиден мыйзамды депутат эмес, өкмөт жазышы зарыл. Жогорку Кеңеш келген мыйзамды окуп, аны изилдеп, мамлекетке пайдалуу, таасири тийе тургандай кылып кабыл алышы керек. Ошондо гана биздин кабыл алып жаткан мыйзамдар жеткиликтүү иштейт. Мыйзам окуганда кыска, түшүнүктүү, туура жана так жазылышы шарт.

— Учурда биздин кээ бир саясатчыларыбызга мурдагы өзү иштеп чыккан мыйзамдар каршы иштеп койгон учурлар абдан көп кездешип жатат. Байкап жаткан чыгаарсыз?

— Бир адамдын же партиянын кызыкчылыгы үчүн эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштей турган мыйзамдарды карашыбыз керек.

— Бирок ошол эле учурда кайсы бир адамдын же топтун кызыкчылыгы үчүн иштелип чыккан мыйзамдар жок деп айта албайсыз да?

— Жок, айта албайм. Жогорку Кеңеш бир адамдын, же партиянын кызыкчылыгы үчүн эмес, мамлекеттин кызыкылчыгы үчүн жана Конституциянын принциптерине дал келген мыйзамдарды кабыл алышы керек.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: