Menu

Жанар Акаев, депутат “Өлкөгө инвестиция тартпаган элчилерди кызматтан алуу керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Жанар Акаев Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчилеринин 80-90% инвестиция тартуу үчүн эч кандай иштерди жасабай, жөн гана отурушкандыгын билдирген.

Анын айтымында, бардык элчилердин ишине анализ жүргүзүү керек. Инвестиция тартуу үчүн иш жүргүзбөгөн дипломаттарды кызматтарынан бошотуу керек.

Депутат мисалга жакында эле Орусия менен Өзбекстандын ортосунда жетилген макулдашууну келтирди. Анын айтымында, бул сүйлөшүүгө жетүүгө элчилер чоң салым кошкон.

Ал эми Өкмот башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өз сөзүндө

“Мен коллективге жаңы Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду көрсөтүп жатканда чет элдеги элчиликтердин эң башкы башкы максаттары- инвестиция жана туристтерди тартуу экендигин дароо айткам. Начар иштеген элчилер бар экенин биз билебиз. Министрлер жана депутаттар башка мамлекеттерге барганда байкап жатышат, элчи начар иштеген өлкөдө биздин мамлекетке болгон мамиле дагы башкача,” – деп билдирген.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: