Menu

Бекболот Талгарбеков: «Биздин акталып чыгуубузга жол ачылды»

Бөлүшүү:

2010–2017-жылдар аралыгында саясий мүнөздө соттолгондордун ишин кайрадан кароо маселеси күн тартибине коюлууда. Абакта жаткандар, жакындары, адвокаттары адилеттик издөөнү улантууда. Ошондой сот ишинин курмандыгы болгондордун бири, белгилүү коомдук ишмер, “Элдик парламент” коомдук бирикмесинин лидери Бекболот Талгарбеков менен журналист анын адвокаты аркылуу маек уюштурган. Учурда Б. Талгарбеков “бийликти күч менен басып алуу аракети” деген күнөө менен 14 жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Молдовановка айылындагы абакта өтөөдө.

— Бекболот мырза, алгач сиздердин «Элдик парламент» коомдук бирикмесинин качан жана кандай максатта түзүлгөнүн эске сала кетсеңиз?

— Биздин бирикме эки жыл мурда, 2016-жылы 12-апрелде түзүлүп, катарына 105 адам кирген. Алардын бири да мамлекеттик кызматта же оппозициялык кыймылда болушкан эмес. Мүчө болуу үчүн үч критерий коюлган. Биринчиси, мамлекетчил инсан, тактап айтканда-мыйзамды жогору сыйлаган, ар кандай төңкөрүш, революцияларга каршы позициядагы адам болуусу. Экинчиден, Евразия экономикалык биримдигинин жактоочусу болуусу. Үчүнчүсү, коррупцияга малынбаган таза адам болуусу. Бирикменин максаты- өлкөдөгү курч, талылуу маселелерди аныктоо жана аларды натыйжалуу чечүү жолдорун сунуштоо болгон.

— Сиздер канча убакыт иштедиңиздер жана ал мезгилде кандай иштерди жасадыңыздар?

— Биз туура бир ай иштедик. Алгач көп маселелерди талкуулап, алардын ичинен өтө маанилүү үч маселени көтөрүп чыктык. Алар, биринчиси, Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин отчету жана анын өз ыктыяры менен отставкага кетиши. Экинчиси, президенттин үзөңгүлөштөрү Икрамжан Илмияновдун, Фарид Ниязовдун жана Турганбек Кулмурзаевдин ишмерлигин карап чыгуу боюнча Элдик комиссия түзүү. Үчүнчүсү, 2010-жылдагы окуялардын күнөөкөрлөрүнүн жоопкерчилигин кароо боюнча Нидерландынын Гаага шаарындагы эл аралык сотуна кайрылуу. Бул үч маселе боюнча журналисттер, коомчулук үчүн эки жолу пресс-конференция, бир жолу форум өткөрүп, кыргыз элине атайын Билдирүү жана Кайрылуу кабыл алганбыз.

— Бекболот мырза, “Элдик парламенттин” сиз баштаган беш мүчөсүнүн камалышынын негизги себеби Атамбаевдин президенттик тактыдан кетүүсүн көтөргөнүңүздөр болду окшойт. Ага кошумча сиздин “Атамбаев — ​миң жылда бир келчү кырсык” деген аныктамаңыз ага катуу тийген шекилдүү…

— Биз Атамбаевдин өз ыктыяры менен токтоосуз отставкага кетишине жол ачкан негизги он себепти аныктаганбыз. Аларга кыскача токтолуп кетейин. Биринчи себеп — ​мамлекеттик башкаруу системасынын талкаланышы. Атамбаев жана анын шылуун жан-жөөкөрлөрү мансап, байлык үчүн бийликти зомбулук менен пайдаланышты. Мамлекеттик система коррупционер, шылуундар, базарком, бажыбарон, бай көпөстөр үчүн бейишке айланды. Атамбаев сот тармагын толук кыйратты. Соттор, прокуратура, атайын кызматтар анын оюнчугуна айланды. Өлкөдө эч ким, эч нерсе үчүн жооп бербес абал түзүлдү.

Экинчи себеп — ​Атамбаевдин башкаруусунда экономика оор кризиске кептелди. Мурда товар экспорту жана импорту тең чамал болуп келсе, 2012-жылдан бери импорт экспортко караганда үч эсе көбөйдү. Ал эми 2005-жылы тышкы карыз 1 млрд 300 млн долларды, 2010- жылы 2 млрд долларды түзсө, Атамбаевдин тушунда 4 млрд доллардан ашып кетти. Мурда өлкөнүн бюджети тең салмакта болсо, Атамбаев бийлиги аны зор таңкыстыкка дуушар кылды.

Үчүнчү себеп — ​өндүрүштүн өлүмтүк абалга кептелиши. Атамбаевдин бийлиги биринчи кезекте энергетиканын белин сындырды. Тармак коррупция сазына терең батты. Азык-түлүк коопсуздугу да начарлады. Эгер мурда өлкө ар жылы 1 млн тонна буудай өндүрүп келсе, Атамбаевдин башкаруусунда түшүм эки эсеге азайды. Тигүүчүлөрдүн тармагы да оор абалда. Өткөндө бул тармак тынымсыз өнүгүп, продукциянын 90 пайызы экспортко кетип турган. Атамбаевдин бийлигинде бул тармакта ишканалардын теңи банкрот болду. Экспорттун көлөмү эки эсеге азайды.

Төртүнчү себеп — ​элди алдоо. Атамбаев 2011-жылы «беш жыл ичинде Кыргызстан-Кытай темир жол курулушун бүтүрөм» деген. Ал убадасы элди алдоо экенин билдик. Анын “кытай компаниялары менен бирдикте трактор, жер семирткич, кездеме, цемент, пахта иштетүү ишканаларын курдурам» дегендери “беш өрдөк” болуп чыкты. “Беш-алты жылда жыйырмадай ГЭСтерди курдурам» деген убадалары талаада калды. Атамбаев жеке аракети менен «өлкөгө 5 млрд долларлык инвестиция алып келе жатам» деп бүт элге жарыя кылган. Тыштан олчойгон, үстөк пайызы көп карыз алдык, бирок сокур тыйын келген жок.

Бешинчи себеп — ​коррупция менен күрөшүүнүн майнапсыздыгы. Кыргызстандын эгемендик тарыхында эң ири коррупционер Атамбаев өзү экени жалпыга маалым. Эгер мурда коррупция мамлекеттин денесиндеги жара болсо, Атамбаев мамлекеттин өзүн башкы коррупционерге айлантты.

Алтынчы себеп — ​элди манкуртташтыруу. Атамбаев программасында кыргыздарды өз улутунан баш тартууга үгүттөп, «кыргыз» деп аталыштан баш тартып, аны унутуп башка улуттар менен бирге «кыргызстандык» деп аталууга чакырып келди. Ал максатын акыры жүзөгө ашырып, жаңы паспортто «улуту» деген графаны алдыртып салды.

Жетинчи себеп — ​айкөл Манас бабабызды маскаралады. Атамбаев кыргыз элинин руханий дүйнөсүнө соккуну Манас атабыздан баштады. Россиядагы иш сапарында — ​«Манас-этникалык жактан орусиялык» деп чыккынчылык жасады. Манастын энеси Чыйырдыны булгар кызы болгон деп чыкты. Анан «Манасты кыргыздар өздөрү өлтүргөн» деп кыргыз элинин жүрөгүнө канжар сайды.

Сегизинчи себеп-кыргыз элин мазактоо. Кыргыз элин жек көрөрүн Атамбаев ачык айтып келди. Ал Жалалабаддык энелерди жектеп, аларды «катындар», «ОБОНдун мүчөлөрү» деп шылдыңдады. Ысыккөлдүктөрдү «каракчылар», «бандиттер» деп мүнөздөдү. Нарындыктарды «ашка жүк, башка жүк», «заараңар менен Нарын дарыясын булгап жатасыңар» деп кордоду. Ал эми Талас калкы Атамбаевдин «Абыке-Көбөштүн тукуму”, «Талас эли-эл эмес» деген мазагына кабылды.

Тогузунчу себеп — ​тышкы саясаттын кыйроосу. Атамбаевдин орой жана оолукма тышкы саясаты өлкөнүн кадырын кетирди. Ал “биз суу бербей казактарды чөгөлөтөбүз! Назарбаев-диктатор!” деп митингде кыйкырып кыргыз-казак мамилесине чоң доо кетирди. Атамбаевдин “Каримов 2–3 жылда өлөт, ошондо чек ара маселесин чечебиз”деп айтканы чек аранын жабылышына алып келди. Тажикстанга орой мамилесинен улам президент Эмомали Рахмондон “ит” деген сөз укту. Атамбаев Белорусь лидери Лукашенкого да тийишип, кайра андан: ”эй, бандит, бийликти кантип басып алганыңды унутуп калдыңбы?”деген сөгүү жеген.

Онунчу себеп — ​идеологиялык жана маалыматтык террор. Атамбаев жаңы элита түзө албады. Жигердүү ишкерлердин катмары да жаралбады. Бирок, ал кошоматчылардын ири армиясын түздү. Алар оппозицияны жок кылуунун мыкаачы жана митайым жолдорун мыкты өздөштүрүштү. Кыргызстандын идеологиясы — ​каратып туруп калп айткан алдамчы, мансап, байлыкты гана көздөгөн Атамбаевдин жан дүйнөсү, дүйнө таанымы болуп калды.

Мына ушул он себептин негизинде биз Атамбаевге кызматтан өз ыктыяры менен кетүүсүн сунуштаганбыз.

— Түшүнүктүү. Эми сиздерди камакка алган жагдайга өтсөк. «Элдик парламенттин» беш мүчөсүн камоого кандай негиздер келтирилген?

— Президент Атамбаевдин кыйраткыч, былык иштерин ачык айткандарды жалган жалаа менен камап, соттоп жиберүү-конвейер ыкмасына салынганы учурда жалпыга маалым. Эгерде «Элдик парламент» ишин уланта берсе, анда өзүнүн чыныгы жүзү ачыкталып жана коррупциялык иштери чубап чыга берээрине көзү жеткен Атамбаев бизди каматып, соттотуп гана элдин каарынан кутулаарына көзү жеткен. Ал кездеги жасоолдору — ​улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин, башкы прокурор Индира Жолдубаеванын колдору менен өз максатына жетти. Бизди каматууга бир гана сексоттун «мага Талгарбеков бийликти күч менен басып алабыз» деген бир ооз жалаа сөзү жетиштүү болду. Тергөө учурунда көптөгөн жалган, жасалма айыптарды илип, ишти чампалап сотко өткөрүштү. Өздөрү оор кылмышка барганын сонун түшүнгөн Сегизбаев соттук процессти жабык өткөрүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарган.

— Соттук териштирүү мыйзамсыз өткөнүнө далилдериңиз барбы?

— Биздин ишти караган Биринчи май райсотунун судьясы Мирлан Термечиковдун «супер киллер» деген кличкасы бар экен, ал буйрукту жүз пайызга аткарды. Сотто тергөөчүлөр күбөгө тарткан 65 адамдын, 64ү биздин актыгыбызды далилдеп беришти. Бирок, Термечиков алардын баарын келжирек сөздөр деп эсептеп, жалгыз сексоттун көрсөтмөсүнө таянып, бизди узак мөөнөткө соттоду. Анын жомогуна ишенсек, бирикмедеги 105 адамдын ичинен экөөбүз гана, мен жана Төрөбай Колубаев, бийликти күч менен басып алмак экенбиз. Калган 103 мүчө эч нерсе билбей-сезбей жүргөн имиш. Экөөбүздө баш кесерлер тобу, курал-жарак, акча жана башка каражаттар болбосо, анда бийликти кантип басып алабыз? Бул абсурд эмеспи? Дагы бир жагдай. Биз Термечиковдон «кайсы бийликти басып алмакбыз?» деп тактап сурадык. Себеби Башмыйзамга ылайык, мамлекеттик бийлик үч бутакка бөлүнөт. Алар аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийликтери. Анда Колубаев экөөбүз кайсыл бийликти басып алмакбыз? Өкмөттүбү, же Жогорку Кеңештиби же Жогорку Соттубу? Көрсө, Термечиковдун терең ишениминде «мамлекеттик бийлик — ​бул Атамбаев» экен. Аны сыңдасаң, демек, бийликти басып алууну көздөгөнсүң. Мына «супер киллердин» ириңдеп кеткен ой жүгүртүүсү, зулум чечими. Ошондой эле Термечиков Сегизбаевдин «запасной варианты» болгон «аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча бизге кылмыш иши козголбосо да Колубаев, Султанов үчөөбүздү кошумча соттоп салды. Жалпысынан мен жана Төрөбай Колубаев экөөбүз он төрт жылдан, Марат Султанов он жылга, Тойгонбек Калматов алты жылга, Александр Гусев беш жылга соттолдук. Эми алдыда, эгер президент Сооронбай Жээнбеков белгилеген чыныгы сот реформасы жүргүзүлсө, анда Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева, Мирлан Термечиков, Адис Момуналиев, Элмира Жумашева жана башка мыйзамды тебелеп-тепсеп, адамдардын тагдыры менен топташ ойношкон Атамбаевдин банда мүчөлөрүнө кылмыш иши козголуп, алар сот жообуна тартылышы керек.

— Бекболот мырза, сиздер камалаар замат президент Атамбаев: «булардын артында Россиянын генералдары турат, алардын ою жаман, төңкөрүшкө түртүп жатышат» деген билдирүү жасады эле. Бул дооматка эмне дейсиз?

— Россия президенти Владимир Путин өз өлкөсүндө абалды толук көзөмөлдөп турат. Ал стратегиялык союздашы Кыргызстандын ички ишине генералдарынын кийлигишип, төңкөрүш жасоо далалатын кантип кубаттамак эле? Андай болсо дароо катуу жазаламак да. Мунун баары Атамбаевдин жөө жомоктору, көнгөн алдамчылыгы болгон. Биздин мурдагы жердештерибиз, отставкадагы бир нече генералдар, 2010-жылдагы июнь окуясын изилдөөгө көмөк көрсөтүүгө гана дилгир болушкан.

— Алдыдагы кадамыңыздар кандай болот? Акыйкаттыкка жетүү мүмкүнчүлүгү барбы?

— ​Өлкөдө бийлик алмашып, бир топ өзгөрүүлөр болуп келе жатпайбы. Атамбаевдин шылуун жан-жөөкөрлөрү тобу менен кызматтан куулушуп, айрымдары камалып, айрымдары качып-бозуп жүрүшөт. Атамбаев бузуп кеткен тышкы саясат оңдолуп, Россия, Түркия, Казакстан жана башка өлкөлөр менен мамиле түз жолго салынды. Аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер башталды. Тилекке каршы, сот тармагында гана эч жылыш болбой, Атамбаевдин бузуку, зомбу саясаты уланууда. Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Айнаш Токбаева «сотторго ишеним 73 пайыз» деп элди алдап, бир жылдан бери жаңыланууга саботаж жасап келди. Кечээ жакында депутат Рыскелди Мамбеков: «азыр сотторго элдин 99 пайызы ишенбейт» деп парламентте билдирип, Токбаеванын калпын чыгарды.

Ал эми октябрда Сооронбай Жээнбеков атайын жыйын өткөрүп: «учурда сот тармагы терең коррупцияга батканын, анда адилетсиздик өкүм сүргөнүн, мындан ары сот реформасын жеке өзү көзөмөлдөй турганын» жарыялады. Бул-коомчулук көптөн бери күткөн саясат. Эми Жогорку соттун жаңы төрайымы Гүлбара Калиева саботаждан алыс болуп, Жээнбековдун саясатын жигердүү колдойт деген ишеничте турабыз. Демек, биздин акталып чыгуубузга жол ачылды десек болот.

Бакыт Орунбеков

Булак: «Жаңы Ордо»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: