Menu

Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: “Статусу жок жаңы конуштагылар да жөлөк пул алышат”

Бөлүшүү:

Улукбек Кочкоров эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына киришкенине эки  жумадан бир аз ашты. Ал 25-октябрда дайындалган. Бүгүн парламентте президенттин катышуусунда ант берип, расмий түрдө министрликти аркалай баштады. Буга чейин бул кызматты аркалаган Таалайкүл Исакунова кызматтык сапарларына байланыштуу чырдан кийин иштен кеткен. Ага удаа министрликте бир катар мыйзамсыз иштер болгону да коомчулукка чыккан. Жаңы келген министр ишти эмнеден баштады, кандай иш-пландары бар, Улукбек Кочкоров өзү кеп салды.

 — Улукбек мырза, министр болооруңуз менен жаңы конуштарды аралап келдиңиз. Аныңызды айрымдар “жаңы министр ишти өзүн пиар кылуудан баштады” деп да айтышты. Конкреттүү айтканда, ишти эмнеден баштадыңыз? 

— Биринчиден, мени социалдык тармакка жетекчиликке коомчулук татыктуу көрүп, колдошту. Ал колдоолорду мага кошумча жоопкерчилик деп билем. Өкмөттүн буйругу менен тармакка минитср болуп бекитилдим. “Тармактагы көйгөйлөрдү чечет, иштеп берет” деп мага ишеним арткандардын купулу толгондой иш аткарууну көздөп турам. Чынында, тармакта көйгөйлөр көп.  Экономикалык абалыбызга байланыштуу жумушсуздуктун айынын мамлекеттик камсыздоолорго муктаж болгон адамдар, үй-бүлөлөр арбын.

— Азыр Кыргызстанда канча адам мамлекеттик жөлөк пул алат?

— Бүгүнкү күндө 300 миңден ашуун адам ар кандай жөлөк пулдарды алып келишет. Ала албай жүргөндөр да көп. Ошон үчүн мен ишти ички мигранттардын, жаңы конуштардагы жакыр үй-бүлөлөрдүн абалы менен таанышып келүүдөн баштадым. Анткени, дал ошол конуштардагы көп үй-бүлөлөр жөлөк пулга жетпегендер, жол-жоболорун билишпегендер же, статусу жогунан ала албай жатышкандар. Биз мунун үстүндө иштерди баштадык. Жакында статусу жок жаңы конуштардагылар мамлекет кепилдеген төлөмдөрдү алуусуна шарт түзүлөт.

— Жөлөк пул алуу процедуралары жөнөкөйлөштүрүлөбү? Анткени, карапайым калк түшүнбөгөн, билбеген үчүн да жөлөк пул ала албай жаткан учурлар жок эмес…

— Сөзсүз. Бул боюнча да иш баштадык. Жаңы конуштардагы айрым жөлөк пулга муктаж үй-бүлөлөр да кандай маалымдамаларды чогултуу керек, аларды алууда кайсы эшиктерге кайрылуу керектигинен маалыматтары жок экенин билдик. Биз аларга бул боюнча түшүндүрүүчү социалдык ролик даярдап баштадык. Мамлекеттик теле-радиолор ал ролигибизди жайылтууга жардам беришсе, маалымат жагын колго алып, кайсы бир деңгээлде мүчүлүштүктөрдү жойгон болобуз.

— Жөлөк пул алгандардын акысын жеген учурлар бар экени да айтылып келет… 

— Ооба, жер-жерлерде пособие алган учурларда жагымсыз көрүнүштөр бар экенин айтып, карапайым адамдар мага кайрылганга үлгүрүштү. Кээ бир жерлерде социалдык кызматкерлер, почта кызматкерлери акча өөнөп калгандар бар экен. Кыргыз почтасынын жетекчиси менен сүйлөшүп, биргелешип бул көйгөйдү чечүүгө кириштик. Ушул жумада коррупцияга каршы аракеттер боюнча түштүккө барып, семинар өткөрөбүз. Ошонун алкагында үч облустагы Социалдык министрликтин аймактык башкармалыктарынын башчылары менен жолугуп, талаптарды, пландарды талкуулайбыз.

— Сүйүнчү пулга жетпей жүргөндөрдүн маселесин кандай чечип жатасыз?

— 4 миң сомдук сүйүнчү пул ала албагандар да көп экен. Алардын көбү дагы эле жаңы конуштардагылар. Эмнеге ала албай жатышканын анализдесек, алардын туруктуу дареги жок болгондуктан экени белгилүү болду. Жаңы конуштардын биринде 5 баласы бар, колундагысы 4 айлык ымыркай Оксана аттуу келин кыйын абалда жашайт. 4 миң сомго жетпей келет. Көрсө, ал дал ушул туруктуу жашаган жери жогунан, каттоого турбагандыктан ала албай жатыптыр. Эми, мындан ары мындай көйгөй болбойт деп ишендирем. Жергиликтүү бийлик, мэр менен атайын буйруктарга кол койдук, жакында ишке ашат.

Динар Турдугулова

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: