Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-ноябрда, Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарын жетекчилери жана өлкөдө аккредитациядан өткөн чет элдик ММК корреспонденттери менен жолугушат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга 45 киши чакырылган.
Коомдук-саясий, социалдык-экономикалык маселелер боюнча пикир алышуу күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбековдун ММК жетекчилери менен ушундай форматтагы жолугушуусу 2018-жылдын март айында 40 журналисттин катышуусунда өткөн. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген маалымат жыйыны ошол эле жылы декабрда өткөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ