Menu

“Кыргызалтын” ачык акционердик коому Макмал алтын кенин иштетүүгө сынак жарыялады

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Макмал алтын кенин иштетүүгө “Кыргызалтын” ачык акционердик коому сынак жарыялады. Мекеменин берген маалыматы боюнча, сынакка катышууну каалаган инвесторлордун арызы 14-ноябрдан тарта бир ай бою кабыл алынат.

“Кыргызалтын” ачык акционердик коому “Макмалалтын” комбинатынын базасында сынактан жеңген инвестор менен биргелешкен ишкана түзүүнү көздөп жатат.

Айта кетсек, өткөн аптада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү жетекчилерге Макмал кениндеги өндүрүштү жандандырууну тапшырган.

“Жи Эл Макмал Девелопинг” компаниясы Тогуз-Тородо алтын иргөөчү фабриканы 2016-жылы кура баштаган. Жергиликтүүлөр аталган компанияга “эл менен эсептешпей жатат” деген доомат коюшкан, фабриканын курулушуна каршы болушкан. Мындан тышкары бийликтен кенди иштетүү боюнча ачык сынак өткөрүүнү талап кылышкан.

Эскерте кетсек, “Жи Эл Макмал Девелопинг” компаниясынын иши августтан бери токтоп турат. Өкмөт сентябрда кендин ишин улантуу үчүн инвестор изделип жатканын кабарлаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: