Menu

Дастан Жумабеков парламентаризмди балталап бүттүбү?

Бөлүшүү:

Аз күн мурда Жогорку Кеңештин 48 депутатынын үйү жок болуп чыкканы интернет желесинде кызуу талкууга алынып, элдин кыжырын ого бетер кайнатышты. Баарыбыз билебиз, «эл өкүлдөрүнүн» 95 пайызы чириген байлар, коммерсанттар. Эң «жардысынын» жок дегенде үйү жана автоунаасы бар. «Такыр эле БОМЖ» десе ким ишенсин? Анан каратып туруп, үйлөрүн жашырышканы, декларацияларын будамайлашканы Кудайга жага турган көрүнүш эмес го?

Буга чейин партиялык тизмелердин алдыңкы катарларына кирүү үчүн 400-500 миң долларларга чейин беришкени, базар соодасындай эле таризде мандаттарга ээ болушканын кантип танабыз? Парламентте интеллектуалдар аз экени, тескерисинче, коммерсанттар, мурда соттолгондор, саясый сойкулар, саткындар толуп отурушканы жалганбы? «Эшегине жараша тушагы» дегендей, спикер Дастан Жумабековдун кебетесин баарыбыз көрүп отурабыз. Жогору жактын тапшырмасын түшүнсө-түшүнбөсө да «хоп, майли» деп аткарган, жалтак, туруктуу өз позициясын көрсөтө албаган бир байкуш. Ошон үчүн парламентаризмдин өнүгүү багыты балталанып, Конституциядагы укуктары ара жолдо калып, тарых алдында кейиштүү картина тартылып турат. «Парламенттик өлкө» деген жарлыкты айткандан уяласың, тек гана Тынар куудул айткандай, «120 койдун» элесин беришкени күлкүгө да айланып кеткен. Ал интермедияда «Теке» баштаган жолунан кайтпай «сүзгүлөп» турчу эле, анысын да камап салышпадыбы…

Убагында «Акжол» партиясы парламентти 67 мандат менен басып алып, спикер катары Айтибай Тагаев төрдө отурганда азыркыга салыштырмалуу чындыкты айткан депутаттар бар болчу. Жумабековго караганда Тагаев адилеттүү эле, оппозициянын үнү жогорку трибунада жаңырып турчу да. КСДПнын төрт-беш депутаты Бакиев бийлигинин ашмалтайын чыгарып, катачылыктарын көзгө сая айтып турушчу. Азыр болсо төрагасына жараша жалаң «шылкыймалар», өз көмөчүнө күл тарткандар экени даана көрүнүп атабы? Эчен ирет чуулгандуу көрүнүштөр жүз берип, коррупциялык маселелер боюнча комиссиялар түзүлүп, анан алардын жыйынтыгы эмне болду? «Бармак басты, көз кысты» деген лакап кепти эрксизден эстейсиң.

Парламентте бакылдаган 15-20 чакты депутат бар экени белгилүү. Айрымдары жумалап жок болуп кетишкенин кантебиз? Олуттуу, элге пайдалуу мыйзамдарды жазууну мындай кой, эл көйгөйүн толук кандуу айталбай жатышат го? Бул элементардуу гана мисалдар. Көрсө, төрагасы кандай болсо, калганын элестетип алгыла. «Ыйынып» отургандайбы? Сыягы, спикерибиз Дастан Артисбекович деңгээли ортозаар, “шефке жагыш керек” деген жанталашуу менен сарсанаага батып жүрсө, кайдагы өнүгүүнү оозанабыз?

Кубат Карачев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: