Кыргыз ырчысы Миран Жанарбай уулу Москвада 8-декабрда аталган конкурстун финалында ырдап чыгат. Бул конкурс тогуз этаптан туруп, дүйнө жүзү боюнча 500 аткаруучу катышып, финалга Орусиядан, Македониядан, Казакстандан, Кытайдан, Белорустан, Өзбекстандан жана Кыргызстандан орус романсын аткарган 12 ырчы чыкты.
Миран Нарын облусунан болот, К.Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын 5-курсунун студенти, үстүбүздөгү жылдын октябрында өткөн “Ортоазиялык Романсиаданын” жеңүүчүсү.
Конкурска катышкандар классикалык, азыркы жана сапон романстарын аткарууга тийиш. Катышуучуларды эл аралык олуттуу калыстар тобу таразалайт. Конкурстун гала-концертине “Ортоазиялык Романсиаданын” лауреаты кыргызстандык Роман Чеснов да чакырылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ