Ал бүгүн, эрте мененки саат 8ден баштап кызматына киришкенин, бардык мамлекеттик органдарга команда берип жатканын, алар аны аткарып жатканын билдирди.
“Мен иштеп жатам. Эрте менен өкмөт үйүндө болгом, андан кийин иштер менен чыгып кеткем” – деп билдирди ал.
“Ар кандай күчтөр контрреволюция жасоону каалап жатышат. Азыр өкмөт үйүн басып алышыптыр мага жеткен маалымат боюнча. 300дөй адам менен барып кирген экен. Азыр бийлик талаша турган убакыт эмес. Мен легитимдүү премьер катары иштеп жатам” – деп билдирди Жапаров.
“Кечээ депутаттар чогулуп, мени официалдуу түрдө премьер-министр кылышкан. Тилек Токтогазиев менен Эльвира Сурабалдиева элдерди чогултуп, Өкмөт үйүнө кирип барышкандыгы тууралуу маалымат келди. Мен парламент тарабынан бекитилген бирден-бир мыйзамдуу премьер-министрмин” – деп билдирди Жапаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ