Menu

Алматыда тергөөчүнүн «психологиялык басымына кабылган» адвокат ооруканага жеткирилди

Бөлүшүү:

Жанара Балгабаева

Алматы шаардык полиция департаментинде тергөөчүлөрдүн «физикалык жана психологиялык басымына кабылганын» айткан адвокат Жанара Балгабаева ооруканага жеткирилди.

Шаардык №7 ооруканадан Балгабаева аларга оор абалда жеткирилгенин билдиришти. «Кан басымы 180ге чейин көтөрүлүп кеткен. Ал башы катуу ооруп жатканын айтты. Азыр абалы орто», — деди оорукананын дарыгери.

Балгабаеванын айтымында, 21-октябрда ал жарандык активист Ноян Рахимжановдун иши боюнча жүрүп жаткан тергөө иштери менен таанышуу үчүн шаардык полиция департаментине барган. Ал жерде тергөөчү ага «физикалык жана психологиялык басым» көрсөтүп, күч менен документтерин тартып алууга аракет кылган. Бул окуядан кийин адвокат өзүн жаман сезип, тез жардам кызматы чакырылган.

Жанара Балгабаева ал тергөөчүгө каршы полицияга арыз менен кайрылганын билдирди.

Бейшемби күнү кечинде шаардык департаменттин басма сөз катчысы Салтанат Азирбек мекеме «адвокатка карата психологиялык жана физикалык басым болгондугу тууралуу фактыны расмий ырастабай турганын» билдирди. «Балгабаева өзүн жаман сезип жатканын айтты. Биз полициянын административдик имаратына тез жардам кызматын чакырдык», — деди ал.

Укук коргоочулар Казакстанда адвокаттарга басым көрсөтүп, алардын дарегине коркутуу сөздөрүн айтуу учурлары көп болорун айтып келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: