Menu

Аксана Рыскулова, бизнес тренер: “Ар бир адам жашы канчада болгонуна карабай өзүн өзгөртүп ийгиликке жете алат”

Бөлүшүү:

Каарманыбыз бизнес боюнча кыргыз тилдүү тренер. Өзүн өзү өнүктүрүүгө миллион сом жумшаган, жол тапкан, анан жүздөгөн айымдарга жол көрсөтүп, жашоолорун өзгөртүп жаткан ийгиликтүү тренер. Аксана айым айылдагы жөнөкөй мугалимдиктен баштап, алгач тигүү цехин иштетип, өзүн бизнестин түрдүү тармагынан сынаган.

– Убакытты туура бөлүштүрө албай ай-жылдарыбызды бошко кетиребиз. Убакытты туура бөлүштүрүүгө кандай кеңеш бересиз? 

– Буга чейин эч качан эч ким бизге убакыт тууралуу айткан эмес. Азыркы жаңы билим бизди ойготту. Адам төрөлгөндөн баштап бай адамга да, кедей адамга да бирдей убакыт – 24 саат берилген. Бай адам да, кедей адам да бул дүйнөгө жылаңач келген. Адамга бир гана убакыт берилген. Бирок, экөөнүн ийгилигинин сыры эмнеде? Жогоруда айтылгандай, убакытты кайда коротту? Сыры ушул эле нерседе. Биз убактыбызды бизге эч нерсе алып келбей турган нерселерге, бизди кызыктыруучу, бизге жагымдуу нерселерге коротобуз. Адам ошондой нерселерге алаксып турат жана көңүлүнө жагат. Мисалы, той-аштар, карым-катнаш, туулган күн, көңүл ачуу, ютуб каналынан сериалдарды көрүү, социалдык баракчаларда отуруу жана вотсаптан жакын адамдары менен көпкө сүйлөшүү, дайыма социалдык барактарда ачык болуу убакытты алат. Ийгиликтүү адамдар көп учурда телефону өчүк болот же номерлерин бат-бат алмаштырып, биринчи орунга өздөрүнүн максаттарын коюшат. Убакыт боюнча көп сабактарды өткөм. Бул сабактардын баасы өтө кымбат. Убакыт боюнча айта турган сөз абдан көп. Эң биринчи кадам – оболу убактыңызды туура эмес нерселерге сарптабаңыз. Маанилүү иштерге коротуңуз. Беш жыл аралыгында ийгилик алып келүүчү сапаттар – бул китеп окуу, ден соолугуңузга энергия топтоо, чуркоо жана медитация аркылуу акыл ойду башкаруу жана пландарды түзүү. Ушул нерселерден баштап турсак, калганын дагы улантып кете алабыз.

– Сиздин «Өзүңдү жең» деген жакшы китебиңиз чыкты эле. Дагы жаңы китептин үстүнөн иштеп жатыпсыз. Ал китепте эмне чагылдырылат? Мотивациялык китептерди окурмандар кандай кабыл алып жатышат?

– «Өзүңдү жең» деген китеп менин тажрыйбамдан турат. Жети жылда өзүмдү өнүктүрүүгө миллион сом жумшадым. Анан ошонун негизинде ийгиликтердин ачкычтарын таба алдым. Өзүмдү төрт тараптан өнүктүрө алдым. Адамдын жашоосунда негизги төрт столдун бутундай төрт түркүгү бар. Биринчиден, ден соолук чың болушу керек. Энергиялуу болуш керек. Экинчиден, үй-бүлө жаатында бактылуу болушу шарт. Үчүнчүдөн, акчага көз каранды болбой, акча үчүн иштебей, акча адамга иштеш керек. Төртүнчүдөн, өзүн таануу, өзүнө ишенүү, руханий байлык. Сабак алганча бул жаатта мен койгон балл абдан
төмөн болчу. Өзүмдү өнүктүрүү менен 9-10 деген баллга жеткире алдым. Ошондон кийин бул система иштей турганына ишенип, өз тажрыйбамдан улам бул китеп жазылды. Мындайча айтканда, өзүмдү жеңип, төрт тарабым калыптанды. Эң алгач китеп окуудан жана эртең менен чуркоодон баштагам. Экинчи китебим «Аялдык бакыт жана акча» деп аталат. Жакынкы күндөрү жарыкка чыгуу алдында турат. Бул китепти жазууда ошол эле нерселерди тереңдетип, аялдын жашоосунда эң негизгиси эмнеге бакыт жана акча катар кетиши керек тууралуу жаздым. Аял акчага муктаж болсо, ден соолугу да, убактысы да жоголо тургандыгы, балдарына убакыт бөлө албай, жашоодо жолдошунун чогуу жашоосуна кедергиси тийип жатканына байланыштуу «Аялдык бакыт жана акча» деп жаздым.

– Мотивациялык кандай китептерди окуйсуз жана кайсы булактан аласыз? Окурмандарга сунуштарыңыз?

– Өзүмдүн деңгээлимди толуктап туруш үчүн атайын устаттарым бар. Мурда мен чет өлкөлүк ийгиликтүү адамдардан көп сабак алсам, азыр кыргыз элиндеги ийгиликтүү адамдардан сабак алып жатам. Китептерден да керектүү маалыматтарды ала алам. Так жоопту, издегенди китептен табуу кыйын. Канча айткан менен баары бир эң жеңил жана арзан жолу китептерден алуу. Бирок бир саат устатың менен сүйлөшкөнүң – бир жыл китеп окуу менен барабар. Устаттарым мага дайыма жол көрсөтүп турат. Тренингдерден, китептерден, ютуб каналы аркылуу ийгиликтүү адамдардан билим алып келем. Мен өзүбүздүн кыргыз уулу Медер Итибаевдин «Кыргызча тактык – беш мүнөт эрте» деген китебин «Кыргыз кыргыздан соода кылат» жана эл аралык деңгээлдеги мотиваторлордун акча тууралуу китептерин, Джордж С.Клейсондун каржылык кыйынчылыктарды жоюунун ыкмаларын сунуштаган «Вавилондогу эң бай адам» жана менин устатым Сапармурад Давлетовдун «Мен жана акча» китебин сунуштайм.

– Ар бир адам, жакшы жагына өзгөрүүгө мүмкүнчүлүк барбы?

– Ар бир кыргыз жараны кыз-жигиттер, эже-агайларыбыз жашы канчада болгонуна карабай өзүн өзгөртө алат. Жакшы  ийгиликке жетише алат. Бул үчүн өзүнүн катуу каалоосу керек. Эмне маанилүү, эмне маанисиз – ушуларды бөлүп үйрөнүш керек. Биринчиден, убакытты туура пайдаланып, план менен иштөөнү билүү зарыл. Эң негизгиси, өзүнө мотивация, шык берген максатты койгонду үйрөнүү шарт.

– Сиздин жеке тренингдерге катышкандар окууда же иште болушса, убакытты кантип бөлүштүрүшөт?

– Менин жеке сабагыма катышкан кыз-жигиттер көп. Алар өтө деле көп убакытты талап кылбайт. Бир жумада бир саат бир жолу жолугабыз. Же телефон аркылуу сүйлөшүп, пландарын караганга жетише алабыз. Тренингдер болсо жумасына бир-эки жолу кечинде үч сааттан өткөрүлөт. Калган учурда вотсаптагы тайпа аркылуу өзүнүн эмне кылып жатканын, күнүмдүк тиричиликке аралашып кетпей, жок дегенде бир саат убактысын өзүн өнүктүрүүгө арнап жатабы, ошону көзөмөлдөп турсак, жакшы жыйынтыкка жете алабыз. Мен бир айлык бир тайпаны окутуп бүтүрдүм. Он беш кызды окуттум. Конкреттүү түрдө кирешени көтөрүү боюнча окутуп, алардын 80%ы кирешелерин эки эсе көтөрө алышты.

– Биздин замандаштардын мотивацияны кабыл алуусу тууралуу кеп козгосок…

– Шык, дем-күч бергенде өтө пайдалуу. Кандай адам болсо да оюна бир нерсени илип алат. Баары бир «бир убакта башташым керек» деген ой болот. Мындан башка жол жок экенин түшүнүшөт. Бул өтө маанилүү. Шык, дем-күч бергенде бир эле чет өлкөнүн ыкмасын колдонбой, өзүбүздүн кыргыз тилинде, улуттук салттык негизде, мекенчилдик сезимдеги ыкма сиңимдүү болуп, жакшы кабыл алышат. Мисалы, макал-лакаптар менен оор терминдерсиз түшүндүргөн үчүн кичинекей бала деле жасай ала турган жакшы бир инструмент болуп бере алды.

– Жалкоолукту таштоого кандай кеңештериңиз бар?

– Жалкоолукту таштоо боюнча адамдын максаты чоң болбосо, бара турган багыты туман болот дагы, жол таппаган үчүн жалкоолукка кирип кетет. Эгерде максатты аныктап алса, өзүнүн максатын бир адам менен отуруп кеңешип, жолун таап алса, ал эч качан жалкоо болбойт. Жалкоолук боюнча үч негизги методу бар. Биринчиси – атайын режим: эртең мененки саат тогуздан түшкү он экиге чейин адам эң энергиялуу жана жалкоо болбойт. Ушул убакта сыртка чыгып кетиш керек. Же үйдө иш ордунда болушу керек. Ал эми экинчиси – «эшикти сыртынан жабуу» деп тамаша иретинде белгилейбиз. Үчүнчүсү – бул максатты коюу жана эмнеге ошол максаттарга жетүү керектигинин жыйырма себебин жазгандан кийин, уйку дагы кызыксыз болуп калат. Бирөө шиш менен сайгылагандай өткүр жана чапчаң болуп жүгүрүп, жалкоолукту таштап коёт.

– 2019-жылга план түзүүгө сиздин жардамыңыз?

– 2019-жылдын январында турабыз. Эгерде январда бир жылга ишке аша турган пландарыбызды түзбөсөк, бул жыл дагы бошко кетет. Дагы бир жылга өмүрүбүз азаят. Бул абдан маанилүү. План түзгөндө бир эле план мыкты болуп, ишке ашып кетпейт. Мындайча айтканда, акыл энергиясын иштетип, машыгуу менен аны чыңалтыш керек. Ал спортко эле окшош. Канчалык көп ойлонсоңуз, пландын үстүнөн иштесеңиз, өзүңүздү өнүктүрүп китеп окусаңыз, анда план дагы тактала баштайт. Биринчи план түзүү биринчи класска, экинчи план түзүү экинчи класка окшош. Качан 20-30 жолу түзгөндө кандайдыр бир пайызы аткарыла баштайт. Сиз өзүңүздүн максатыңыздын жеткен чегинде турган адамдан акчага убактысын сатып аласызбы, айтор, ал адамдан кеңеш алсаңыз, бул эң туура болот деп эсептейм.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: