Menu

Асейин Саралаев, Нарындын тургуну: «Атамбаев бизди «койсуңар» деп, туура айткан экен…»

Бөлүшүү:

“Укмуштуунун төөсү жорго” дечү беле? Асканын күңгөй-тескей жылаңач бетине тоо текелердей болуп жармашып алып, ар кайсы жерге чала көмүлгөн ит өлүктөрүн чукушуп шерменделери чыгып аткан “утурумчулардын” элдин башын айланткан иттигин эчак эле түшүнүп, бир кезде аларды ээрчип ит болуп жүргөнүмө өкүнүп КУРМАНБЕК БАКИЕВДЕН кечирим сураган элем. Билгем да бул иттердин ушундай ит болушарын! Ошол февраль айында мен кечирим сураганда бийликтин иттери көтү менен сийип, өздөрү апакай болуп, “БОКИТ” деген бок жеген гезиттерине менде жок нерселер менен шыбап чыккан эле. Мына эми иттин өлүктөрү ачылды. Байкуш иттер сасып жатса да, сөөгү чирибептир…

Менин таң калганым мага бир кезде акыл үйрөтүп, эмне эле кайра “Ата- Мекенге” жабышасың, сенде принцип жок экен, саткын экенсиң деген акылмандар бүгүн Текебаевди ай-күнгө теңеп отурганы болду. Кечээ эле Өмүрбек Текебаевди дүйнөдөгү болгон жамандык менен каралап, жылаңач сүрөтүн улам-улам дүйнөгө көргөзүп аткандар бүгүн ыйык Кааба каякта экенин унутуп, күн чыгышты карап алып тоңкоюп намаз окуп атышат! Кудум бутка сыйынган кечилдердей…  Абайлап тоңкойгула шайтан итерип кетет!

Ал ортодо Президент Атамбаев ооруп калса түп көтөрө кол чабышып, ошол эле кишилер сүйүнүп жүрүшөт! Башкасы бир тең, ушунусу бир тең болду! Ээ, айланайындар! Кудай берген оору келген адамды, ал кандай адам болбосун, ким болбосун табалап кубангандык бул жеткен иттердин итчилиги деп баалайм. Кезинде Курманбек Бакиев да Германияга даарыланганы кетсе ошентип бир кубанышкан эле шүмшүктөр! Бирөөнүн өлүмүн тилебей, өзүңөрдүн кебетеңерди оңдоп алгыла!

Мен мурда Атамбаевдин “балп” эттирген сөздөрүнө жиним келчү эле. Эмнеге КЫРГЫЗ элин кемсинтет дейт болчумун. Бирок акыркы окуялардан кийин Атамбаевдин ошол ар бир сөзүнө баа берип, жакамды кармандым! Атамбаев бизди: малсыңар, жапайсыңар, бандитсиңер, ээрчимесиңер деп “эң туура” айтыптыр. Биз мал болбосок, айбан болбосок анда неге 25 жылдан бери бир ууч бузукуларга алданып келе жатабыз? Биз мал болбосок анда неге улам-улам көрүп туруп, билип туруп бийликтин партияларын шайлай беребиз! Биз мал болбосок, айбан болбосок анда неге Атамбаевдин өзүн шайладык? Биз мал болбосок неге дайыма байлардын көзүн карап, 100 сомго алданып кыргыздын чыгаандарын тебелеп акчалуусун бөпөлөп добуштарды берип келебиз? Биз мал болбосок эмнеге кыргыздын чыгаан уулдарын четинен камап, кубалап, калмак-жайсаңдарына талатып атканда түп көтөрүлө коргоп калбадык! Неге ошондо БИРИМДИКТҮҮ ПИКИР жараткан жокпуз? Биз мал болбосок анда неге ак-карасын карабай жөн гана ураалап БАКИЕВДЕРДИ “эл душманы” кылып үйлөрүн өрттөп, бардык фамилиясын алып жүргөндөрдү бандит кылып азыркыга чейин мокочо кылып келебиз? Бир Максимдин ачкөздүгүнө асылбай ар дайым Курманбек Бакиевди, Жаныш Бакиевди жек көрөбүз! Ким атканы белгисиз болсо да бир күндү Бакиевдин иштеген беш жылына (анын да 3 жылын жөн иштеткен жокпуз) теңеп дүйнөдөгү “эң жаман” инсанга алмаштырдык.

Айта берсек Атамбаевдин бизге берген баасына “5” деген бааны кана койсок болот экен. Бизге чала. Отунбаеванын, Текебаевдин өздөрүнө чала. Алмазбек Атамбаевдин бир жакшылыгына аябай ыраазы болдум. Кыргыздын салтында ата-конушун өрттөгөн салт болгон эмес. Эгер ким душман туткан баатырынын конушун өрттөсө өздөрүн өрттөшөт болчу. Бакиевдин ата-конуштарын талкалап өрттөшкөнүн моюнуна алгандай, бүгүн минтип Максимдин жеринде койкойгон ХАН САРАЙ куруп жаткан экен. Бул ХАН сарайга Курманбек Бакиев гана келип жашаса жарашат. Алмаз ага ошентип аземдеп, көркөмдөп салып бүтүп өз ээсине тапшырып коюңуз. Бирок миң алтындан салсаңыз да ал үйдүн куну Бакиевдердин Тейиттеги өрттөнгөн ата-конушунун бир кышына да татыбайт.

Мен азыр калп эле элдик болуп, алты жыл унчукпай жүрүп акырында упай топтоп элдин баарын өзүнө тоңкойтуп сыйынтып жаткан саясатчыларга да, Ак үйгө дагы, парламенттеги Конституцияга асылып жаткан папкечендерге да, шоопур, жансакчысына да ишенбейм! Бир учурда гана ишенишим мүмкүн. Мына четинен “Бакиев доорунда жакшы болчу” деп чоң саясатчылардан бери моюндарына алып жатышат. Эгер ошол айткандарыңар чын болсо анда КУРМАНБЕК БАКИЕВДЕН жана БАКИЕВДЕРДЕН кечирим сурагыла! Күнөөңөрдү моюндарыңарга алгыла! Тарых алдында жүзүңөр жарык болсун. Ошондо гана ишенем!

Бакиевдерден талап-тоноп алган мыйзамдуу мүлктөрүн кайтарып беришсин. Чыныгы мародерлорду таап жазасын берсин! Болбосо бул жөн гана шоу деп баалайм! Эгер антише албайбы анда улуу урматтуу президентибиз Атамбаев айткан бардык сөздөргө татыктуу алар! Анда кыргыз элине айтат элем: Болду алданбагыла деп, кечирим сурагыла!

Асейин Саралаев, 2010-жылдагы 7-апрель ынкылабынын катышуучусу

P.S. Бул менин жеке пикирим. Сын тагып, ачуу сөздөр жазып, бирөөнүн ит аягын жалагандар камакты көздөй кетесиңер. Бул ирет ырас фейктер менен ичи арамдардан тазаланам деп ойлойм.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: