Menu

Акундун Атамбаевге боору оорудубу?

Бөлүшүү:

Батукаев чырына байланыштуу мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун дагы жоопкерчилиги каралып, ал дагы бул иштер боюнча сотко чакыртылып жаткан болчу. Белгилей кетсек буга чейин Турсунбек Акун Батукаевдин бошотулушуна салым бар делип, ал турсун алардын жакындарынан 100 миң доллар сый акча алган деп айтылып келген. Бул кинелер мурдагы президент Атамбаев тараптан дагы айтылган болчу. Акун мунун баары жалган экенин айтып Атамбаевди сотко берген. Учурда Атамбаев абакта жатат. Ошондон уламбы же эски “досуна” жаны ачыдыбы, айтор Атамбаевге карата 100 миң сомдук доо арызын кайтарып алмакчы болду. Акун бул кадамга барганынын башкы себебин Алмазбек Атамбаев камакта экендиги менен түшүндүрүп, ага өтө оор делген беренелер боюнча айып тагылганын, мындан улам, мурунку президент кылган иштерине жооп берээри менен түшүндүрдү. «Мындан улам, жарандык тартипте аны менен жалган жалаа боюнча соттошкондун мааниси жок. Ал мени 100 миң доллар пара алган деп айткандары жалган. Жакында муну далилдешет», – дейт Акун. Ал эми «Апрель» телеканалы менен журналист Канат Каниметовго карата 500 миң сомдук доо-арызын кайтарып албастыгын айтты.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: