Бүгүн, 19-августта Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы мунапыска байланыштуу Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн кыскарткан жок.
16-июлда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту саясатчы Садыр Жапаровдун мунапыска байланыштуу түрмөдөгү жаза мөөнөтүн 2026-жылдан 2023-жылга чейин кыскартуу боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) сунушун четке каккан.
Садыр Жапаровду Атамбаевдик режим 2013-жылы Ысык-Көлдүң губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштургасн деген айып менен 2017-жылы мартта камакка алган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ