Menu

Аскар Шадиев уулу Бекболду үйлөп той бериптир, өкүл атасы айтылуу Азат Базаркулов экен

Бөлүшүү:

Кечээ, 16-августтун кечинде Кыргызстандагы телеканалдардын биринде таңкы берүүлөрдүн редактору болуп иштеген журналист Диана Айдарова АКШга качып кеткен саясатчы Аскар Шадиев Бишкектеги ресторандардын биринде уулун үйлөп той берип, келин алып жаткандыгын жазды. Тойдун күнөөкөрлөрү Бекбол менен Айдананы коштоп өкүл атасы Азат Базаркулов жубайы менен сүрөткө түшүптүр. Бирок той ээси Аскар Шадиевдин бул тойго катышып жаткандыгы боюнча фотофакт жарыяланган эмес:

“Аскар Шадиев качып кетти деп ызылдамыш эттик эле, ал да унутулду. Мына ошол Шадиев бүгүн борбордогу тойканалардын биринде улуун үйлөп дүңгүрөгөн той өткөрүүдө. Жаштарга өкүл ата болуп “Мегакомдун” экс жетекчиси, азыркы убакта “Акнетти” айгайлатып аткан Азат Базаркулов шайланып, болушунча ачылып-чачылып аткан кези. Шадиевдин болгон катышын, чиновниктерди ушул тойдон табасыңар. Таң калганым бийлик коррупционерлер менен күрөшсө серьезно кармашпайбы. Же эмне Баткенден өтүп кетсе эле унутулуп калабы ?! Шадиев өзүнө ишенсе Бабановго окшоп эле кирип келбейби, качанкыга чейин качып күн көрөт?!”

Диана Айдарова

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: