Кыргызстан дүйнөлүк аренада “жолу болбогондордун аралы” аталып калгандыгын Орусиянын Улуттук стратегия институтунун директору Юрий Солозобов “REGNUM” сайтына чыккан «Кыргызстан: «сомалилешкен өлкө, алсыз бийлик» аттуу макаласында жазып чыкты. Солозобов Борбордук Азиядагы бул чакан өлкөнүн Африкадагы Сомали өлкөлөрүнө теңелип бара жатканын айтып, элин ээн баш, билимсиздер деп атаган. Макалада автор Кыргызстандын экономикасы, социалдык абалы, саясаты барган сайын начарлаганын жазып, ага бир нече мисалдарды келтирет. Ал “эмнеге Кыргызстандын бийлиги алмашкан сайын алсырай берет” – деген суроо койгон. Анын бир себебин автор өлкөдө улуттук лидерлери уруучулук, талаа командирлик, ал тургай кылмыш тобунун деңгээлине чейин майдалангандыгын белгилеген.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ