Кечээ, 29-июлда саат 14:00 чамасында катуу жааган жамгырдан улам тоо жылгаларынан сел түшүп Баткен районунун Карабак айыл аймагындагы Зардалы айылына барчу жолдогу унаалар өтүүчү көпүрөнү жана жөө адамдар өтүүчү асма көпүрөнү сел бузуп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Анын кесепетинен 100 үй-бүлө, же 400 адам жашаган айылдын тургундары убактылуу жол каттамы жок калышты. Бугүн райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иликтөө иштери алып барууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ