Menu

Чодуевде “чоң чыр” жаткан тура

Бөлүшүү:

Айыл чарба министри Эркинбек Чодуевге карата Жалал-Абаддагы “Коттон Оушен” компаниясы бир кезде “Лиматекс” ишканасын жетектеп турганда пахта даярдоого 1 миллион доллар алып, ушул күнгө чейин карызын кайтарып бербей жүргөнү тууралуу даттанды. Аталган компаниянын жетекчиси Замира Ибрагимованын айтымында ал иштер өлкөдөгү таасирдүү адамдардын аралашуусу менен ага карата козголгон кылмыш иштери соттук териштирүү аягына чыкпай келе жатат. «Бул киши ошол кезде компаниянын директору болуп турганда акчаны алып, өз колу менен квитанция жазып берген. Биз бул акчаны пахтаны даярдап берүү боюнча келишимдин негизинде бергенбиз. Анда бул киши «Лиматекс” пахта тазалоочу корпорациясынын аткаруучу директору болуп турган. Биз пахтаны тазалап берүү жана пахта даярдоо боюнча келишимге келип, акчаны эсепкана аркылуу өткөрүп бергенбиз. Бирок бул киши сезон бүткөндөн кийин пахта даярдап берүү боюнча өзүнө алган милдеттенмени аткарбай койгон. Ошентип акча бул кишиде калып кетти. Бизде муну тастыктай турган банк көчүрмөлөрү, акча алынганы тууралуу квитанциялар жана эки тараптуу кол коюлган келишим сыяктуу бардык документтер бар. Бул адам кийинки сезондо пахта даярдап берүүгө убада берип, бирок ошондон кийин да акчаны төлөгүсү келбей, андан ары бизден качып, эч эле көрүнбөй койду. 2010-жылы кандуу окуя болуп кетти. Акча ошол бойдон берилбей калды. Биз 2011-жылы арыз жазып, алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон. Андан кийин бул иш улам эле токтотулуп же кыскартыла берди. Биз болсо улам арыздана бердик. Ошентип отуруп, биздин ишти териштирүү борбордук органдарга чейин жетти. Бирок майнап дагы эле чыга элек” – дейт Ибрагимова. Ал эми министр Чодуев бул коюлуп жаткан дооматтар курулай жалаа экенин айтат. Анын айтымында, пахта тазалоочу “Лиматекс” корпорациясы менен “Коттон Оушен” компаниясынын ортосундагы өз ара чарбалык мамиле боюнча келишимдин шарттары бузулган эмес. Ишенсе болобу? Министр экенине жана чоң “лөктөрдүн” жакыны дегенине карабай Чодуевди жакадан алганына караганда Ибрагимованын бир билгени же иштин “ит өлгөн” жайы бар го!

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: