Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин багы ачылбас болду. Ары тартышып, бери тартышып жатып Чынара Адамкулова деген эме ректор болуп дайындалды эле. Келээри менен өз кишилерин тиешелүү кызматтарга дайындап, декандарга чейин иштен алып жиберген. Көпчүлүктүн каргышы болот эмеспи, көп өтпөй көйгөй жаралып аталган окуу жайдын проректору пара менен кармалып «ит» эле болушту. Учурда бул окуу жайда дагы деле абал тынч эмес дешет. Сыягы интрига жетээр жерине жетип калса керек. Кызыктын баары алдыда дешет. Өз кызыкчылыктарын көздөшпөй окуу жайга ысымы берилген Баласагынды сыйласаңар боло…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ