Menu

Байкоочулар: Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутат болуп билимсиздер келди

Бөлүшүү:

Көз каранды эмес байкоочулар жергиликтүү кеңештердин курамы сапаты жагынан мурдагыдан артка кеткенин белгилеп, талапкерлер арасында жумушсуздар да көп болгонун айтышууда.
Акыркы шайлоого байкоо жүргүзгөн көз карандысыз байкоочулар жергиликтүү кеңештерге талапкерлер сапат жагынан дагы да артка кеткенин айтышууда. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлү Тимур Арыков шаардык жана айылдык кеңешке келгендердин айырмасына токтолууда.
“Шаарларда акчалуулар жана шаарда ага чейин кайсы бир орунга ээ болгондор шайланды. Ал эми айыл жерлеринде шайлоочулар аз, эл бири-бирин тааныгандыктан тааныштары, тууган-туушканы көптөр келди. Жалпылап алганда, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына билими жетишпеген адамдар келишет экен”, – деди Арыков.
Ушундай эле көрүнүштү байкаганын айткан “Бир дүйнө Кыргызстан” кыймылынын өкүлү Эрик Ирискулбеков да депутат болом дегендер өз милдетин так билбегенин айтууда.
“Жергиликтүү кеңештин кандай функциялары бар дегенде талапкерлер өздөрү да жооп бере албай калып жатышты. Мындан улам алардын юридикалык аң-сезими начар десе болот. Конституцияга ылайык, жергиликтүү бийлик менен аткаруучу бийлик параллель катары кетет, функциялары айырмаланат. Бирок муниципалдык бийликтин маанисин талапкерлер да, эл да жакшы түшүнбөй жатат”.
Ал эми “Таза шайлоо” уюмунун башчысы Айнура Усупбекова бул жолу тизмеде жумушсуздар да көп болгонун, айрыкча Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин курамы мурункуга салыштырмалуу кыйла сапатсыз экенин билдирди. Анын айтымында, активисттер, жарандык коомдун өкүлдөрү бул жолу аз келди. Мисалы, бир партиядан 48 талапкердин ичинен жыйырмага чукулу бир кесиптин ээси болгондуктан уюмдашуу пайда болгонун белгилеп жатат.
Айнура Усупбекова ошондой эле жергиликтүү кеңешке мэрди шайлаш үчүн келем деген, билими чектелүү талапкер көп экенине басым жасады.
Оппозиция шайлоого катышкан жок
Жергиликтүү кеңеш Жогорку Кеңеш жана башка органдарга трамплин болуп эсептелет.
Президент Алмазбек Атамбаев Аксыга барганда бийликке келем дегендер шайлоого катышсын, ал эми жапайы жол менен басып алам дегендер конструктивдүү оппозиция эмес, эл бузарлар деген.
Өткөн аптада оппозициянын эки өкүлү бийликти күч менен басып алуу планын курган деп камакка алынган. Апта соңунда оппозициянын ал планына тиешеси бар деп энергетика тармагындагы эскперт Эрнест Карыбеков да кармалды. Дем алыш күндөрү анын коомдук ишмер Дастан Сарыгулов менен сүйлөшкөн видеосу тарады. Дагы бир аудиодо ушул экөөнүкү делген үндөр башка үч адам менен кийинки бийлик бөлүштүрүүнү пландашкан.
Бийликке жетүү үчүн оппозиция эмнеге шайлоого катышкан жок? Бул суроону оппозициялык лидерлердин бири Азимбек Бекназаровго узаттык.
“Бийликти сындап жүргөн азыркы партиялардын, кыймылдардын бири да шайлоого катышкан жок. Анткени биз ал жакка жалаң бийликтеги партиянын адамдары келээрин билебиз. Башкаларды кандай болгон күндө да өткөрбөйт”, – дейт Бекназаров.
Дагы башка оппозициялык топтогу саясатчы Бегалы Наргозуев ушул эле жүйөөнү айтып, шайлоого барышпаганын, бийликтин аракетинен улам шайлоого аз калганда “Ата-Журт” партиясын колдоодон да баш тартышканын айтты.
Ошол эле учурда “Таза шайлоонун” башчысы Айнура Усупбекова аты чыкпаган “Табылга” өңдүү партиялар алдыга чыкканына токтолду.
“Алардын талапкерлери ар түрдүү тармактардан. “Табылга”, “Демократ” өңдүү партиялардын бир лидери жок. Бир нече киши кеңешип иш кылгандыктан партиялык түзүлүшкө жакындап кетет. Бир гана ушулардын программасы бар десек болот”.
Байкоочулар жергиликтүү кеңешке “жөн эле” баратканын айткан талапкерлер да көп болгонун, айыл жеринде алар уруусуна, тууган-туушканына таянып өтүп кеткенин, андан сырткары белгилүү партиялардан төбөсү көрүнүп калган кызматкерлердин санаалаштары өткөнүн айтышууда.
Кечээ Кыргызстандын алты шаар, 21 айылдык кеңешинде шайлоо өттү. Ага 24 партия ат салышты. Жыйынтыгына ылайык көп аймактарда бийликтеги социал-демократтар партиясы алдыда. Так эсеп чыга элек.
Булак: ВВС

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: