Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында түтүк жарылып, көчөлөрдү суу каптады. Бул тууралуу “Водоканал” муниципалдык ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык Алиев жана Шарипов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Бүгүнкү күндө калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу бир нече көчөлөрдө суу берүү өчүрүлгөн. Алар: К.Тыныстанов, Алиев, С.Каралаев, Тоголок Молдо, Панфилов, Валиханов, Космодемьянсклы, Матросов, Солнечная, Конституциялык, Жумаев, Түлөбердиев, Турусбеков, Абдраев, Аманбаева, Калдыбаев, Токтосунова, Курмашева, Мамбеталиев көчөлөрү.
Төмөндө аталган ишкана айдоочулардан этият болууну суранышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ