Бүгүн, 27-мартта УКМК тарабынан 2010-жылы 6-апрелде Таласта бийликке каршы митингдерди уюштуруп, “Апрель Баатыры” наамын алган Дуулат Турдуналиевге быйыл, 2016-жылы мартта да “мамлекеттик бийликти күч менен басып алууну пландаштырган” деген айып менен издөө жарыяланды.
Буга чейин ушул эле айып менен Алмаз Атамбаевдин эски партиялашы, КСДПнын экс-депутаты, 2010-жылдын апрелиндеги мамлекеттик төнкөрүштөн кийин Убактылуу өкмөт тарабынан КР Ички иштер министринин орун басары болуп дайындалган Кубанычбек Кадыров менен ошол эле Убактылуу өкмөт тарабынан Жалал-Абад облусуна губернатор болуп жөнөтүлгөн Бектур Асанов камакка алынышкан.
Эми Убактылуу өкмөттүн төрайымынын дагы бир орун басары, революционер Азимбек Бекназаровдун үстүнөн да ушундай эле айып менен кара булут айланууда.
Кыскасы “Революция биринчи өз балдарын жейт” деген француздардын көрөгөч сөзүнө таң каласын.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ